Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы болгон Каныкей Аранова 30 сааттык коомдук жумушка тартылды

Өзгөн райондук соту активист Каныкей Аранованы 30 саатка коомдук ишке тартуу чечимин чыгарды. Ал Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып келет.

Милиция кызматкерлери Аранованы кечээ, 14-октярда кармап кеткени белгилүү болгон. Ош облустук милициясы «Клоопко» активист Куршаб айылынын жашоочулары жана бийлик өкүлдөрүнүн «жеке аброюна шек келтирип, мазактаганы» үчүн кармалганын тастыктады.

«Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну Арановага карата “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протокол түзүлдү. Ал Өзгөн райондук сотуна алып барылган», — деп белгилешти милициядан.

Каныкей Аранова деген ким?

Каныкей Аранова коомчулукка активист катары белгилүү. Буга чейин ал Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болуп, пост жазып, видео кайрылууларды жасап келген.

Ал акыркы жолу 12-октябрда видео кайрылуу жасап, укук коргоо органдары анын туулуп өскөн айылына барып, туугандарына эскертүү берип кетишкенин айткан.

«Менин Кемпир-Абадда сүйлөгөн сөзүмдү, көчөдө басып жүргөн видеолорумду кесип жасап, туугандарыма көрсөтүптүр. Алар туугандарыма “10 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн, тыйып койгула” деп коркутуп келишиптир. Менин жети атама чейин сүрүштүрүшүптүр. Мен Кемпир-Абад маселесин айтканым үчүн ушунчалыкка барганыңар өтө уят!» — деген ал.

Активист 10-октябрда Өзгөн райондук администрациясынын алдындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митингге да катышкан. Анда Аранова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев элдин үнүн укпай, жабык жыйын өткөргөнүн сынга алган.

«Биз азыр көрүп жатабыз, депутаттарды басмырлап: [жыйынга]телефондорун өчүрүп киргизип, кээ бирин киргизбей, журналисттерди дагы киргизбей карайбыз деп, эл шайлаган эл өкүлдөрүн басмырлап жатышат. Ташиев өзү барып алып ушундай кысым көрсөтүп жатканына эл нааразы болуп турат», — деген Аранова.

Ал Ташиевдин эл менен сүйлөшүп, ачык жыйын өткөрбөгөнүн «өз элине чыккынчылык» деп атап, бийликтен элдин үнүн угууну жана талабын аткарууну талап кылган.

«Биздин бийликти басып алалы, кашаадан аттап шымыбызды жырталы деген ниетибиз жок. Биз абийирибиз жана шымыбыз бүтүн калат, өмүр боюу. Биз — мыйзамды сыйлаган адамдарбыз. Биз өзүбүздүн жерибизде тополоң кылабыз деген ниетибиз жок», — деп белгилеген ал.

Тема боюнча:

«Бийлик өкүлдөрүн шылдыңдаган». Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист Каныкей Аранова кармалды