«Бийлик өкүлдөрүн шылдыңдаган». Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист Каныкей Аранова кармалды

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыккан активист Каныкей Аранова кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Аранова Куршаб айылынын жашоочуларын жана бийлик өкүлдөрүнүн «жеке аброюна шек келтирип мазактаганы» үчүн кармалган.

«Өзгөн районунун Кара-Таш айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну Аранова Куршаб айылынын жашоочуларын жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирип мазактаган сөздөрдү айткандыгы үчүн “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протокол түзүлдү. Учурда ал Өзгөн райондук сотуна алып барылып, соттун кароосу жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин активист Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилишине каршы постторду, видео кайрылууларды жасап келген.

Ал акыркы жолу 12-октябрда видео кайрылуу жасап, укук коргоо органдары анын туулуп өскөн айылына барып, туугандарына барып эскертүү берип кетишкени тууралуу айткан.

«Менин Кемпир-Абадда сүйлөгөн сөзүмдү, көчөдө басып жүргөн видеолорумду кесип, жасап туугандарыма көрсөтүптүр. Алар туугандарыма “10 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн, тыйып койгула” деп коркутуп келишиптир. Менин жети атама чейин сүрүштүрүшүптүр. Мен Кемпир-Абад маселесин айтканым үчүн ушунчалыкка барганыңар өтө уят!» — деген ал.

Активист 10-октябрда Өзгөн райондук администрациясынын алдындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митингге да катышкан.

Анда Аранова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев элдин үнүн укпай жабык жыйын өткөргөнүн сынга алган.

«Биз азыр көрүп жатабыз, депутаттарды басмырлап: [жыйынга]телефондорун өчүрүп киргизип, кээ бирин киргизбей, журналисттерди дагы киргизбей карайбыз деп, эл шайлаган эл өкүлдөрүн басмырлап жатышат. Ташиев өзү барып алып ушундай кысым көрсөтүп жатканына эл нааразы болуп турат», — деген Аранова.

Ал Ташиевдин эл менен сүйлөшүп, ачык жыйын өткөрбөгөнүн «өз элине чыккынчылык» деп атап, бийликтен элдин үнүн угууну жана талабын аткарууну талап кылган.

«Биздин бийликти басып алалы, кашаадан аттап шымыбызды жырталы деген ниетибиз жок. Биз абийирибиз жана шымыбыз бүтүн калат, өмүр боюу. Биз — мыйзамды сыйлаган адамдарбыз. Биз өзүбүздүн жерибизде тополоң кылабыз деген ниетибиз жок», — деп белгилеген ал.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар

Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.

Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Ошентип, Ташиевдин айтымында, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын — 4 485 га аймагы, ошондой эле плотинасы калат. УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Комитеттин 10-октябрдагы отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолду. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айтышты.