Кеминде 13 жаштагы кыз зордукталды. Иш сотко өттү

Чүй облусунун Кемин районунда 13 жаштагы кыз зордукталды. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициядан иш Кемин райондук сотунда каралып жатканын айтып окуянын чоо-жайын билдиришкен жок. Соттон бул иш боюнча биринчи сот отуруму 19-октябрда болорун маалымдашты.

24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып, шектүү кармалып, Бишкектеги ТИЗО-1ге киргизилгенин жазды.

2022-жылдын июль айынын башында өлкөдө 13 жаштагы кыз зордукталган ушундай эле окуя катталган.

Өспүрүм кызды эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу зордуктаган. Свердлов райондук соту кароолчуну 10 жылга, ал эми эки милиция кызматкерин 15 жылга эркинен ажыраткан.

Ошондой эле, айыпталуучулардын үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бул иште зордуктоого дагы бир адам шектелген — Ош базарындагы отелдердин биринде иштеген официант. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 8 жылга кескен.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда кыздарды уурдап, зордукап, өлтүрүп да кетишет.

2022-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндама жасашкан. Баяндамада БУУнун адистери Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли абдан төмөн экенин белгилешкен.

Эгер сиз зордук-зомбулукка кабылсаңыз төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы - 0555281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976;
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461;
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890;
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084;
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары 0709 694 550;
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары 0706 383 637;
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору — Каракол шаары 0702 223 535, 0551 733 390.