13 жашар кызды зордуктаган милиционерлер 15 жылга кесилди

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кыздын эки милиционер жана базардын кароолчусу тарабынан зордукталышы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү аяктады.

Судья Азиз Эшалиев айыпталуучуларга бүгүн, 30-августта өкүм чыгарды.

Жабырлануучунун адвокаты Тимур Султановдун айтымында, кароолчу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берет.

Мындан тышкары, Султанов милицонерлер абак жазасын өтөп чыккандан кийин үч жыл бою кандайдыр бир кызматка бара алышпасын кошумчалады.

«Биз соттун бүгүнкү чечимине нааразы болгон жокпуз. Бул аталган беренелер боюнча эркиндиктен ажыратуунун максималдуу мөөнөтү», — деди адвокат журналисттерге.

Айыпталуучуларга «14 жаштан 18 жашка чейинки баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», ал эми базардын кароолчусуна «Кызмат адамынын наамды же бийликти өз билемдик менен ыйгарып алышы» беренеси боюнча айып талгылды.

Жабыркаган тараптын адвокаты Тимур Султанов соттолуп жаткандардын күнөөсү иштин материалдары менен далилденгенин белгилеп, айыпталуучуларды максималдык мөөнөткө кесүүнү суранган.

Секелекти зордуктоо

13 жаштагы секелек эки милиционер менен «Дордой» базарында иштеген кароолчунун зордуугуна кабылганы июлдун башында белгилүү болгон. Иштин материалдары Свердлов райондук сотунун кароосуна өткөн.

Зордуктоо ишинде Ош базарындагы мейманканалардын биринде иштеген официант дагы шектүү катары өткөн. Анын иши боюнча тергөө аяктап, материалдары сотко өткөн.Жабыркаган секелектин жакындары милиционерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетеби деп тынчсызданышкан. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.

Секелектин зордукталышы боюнча муфтийдин экс-орун басары Кадыр Маликов дагы оюн айткан. Анын пикиринде, 13 жашар кыздын зордукталышы коомдун жана системанын деградациясы өтө тереңдеп кеткенин көрсөтүп турат.