Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчысы Чыңгыз Айдарбаков 17-октябрда журналисттерге ээлеген кызматынан алынуу аракети көрүлөрүн четке какпасын айтты.
Айдарбеков муну Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комитеттин чечимине кол койбогону менен байланыштырды.
«Мен комитеттин кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чечимине кол койбогондуктан, мындан ары эмне кылыш керек деген суроо турганын, анын ичинде мен боюнча да маселе талкууланып жатат. Мен комитеттин жыйындарын башынан аягына чейин регламенттин негизинде өткөрүп келатам. Комитетке документтер качан түштү, кандай документтер келди, так маалымат берем. Ал эми Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган болгондуктан, чечимди көпчүлүктүн добушу менен кабыл алат», — деди Айдарбеков.
Парламенттик комитет Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун 10-октябрда жактырган. Анда келишимди комитеттеги алты депутат колдоп, төртөө каршы добуш берген.
Айдарбеков документти кабыл алууга каршы добуш бергендердин бири болгон. Ал өз чечимин тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен негиздеген.
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу жер бар, алардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы.Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.
Бирок бийлик протоколдун мазмунун жарыялашкан эмес, тараптар Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кандай чечимге келгени белгисиз.УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.
Ошол эле күнү Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери өткөн. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярдыгын» айтышкан.
Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) дагы Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан. Алар бийликтен суу сактагычты өткөрүп берүү маселесин кароону токтотуп турууну же болбосо сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну же маселени референдумга алып чыгууну талап кылышкан.