Өзгөндөгү түз эфирлер «Клооптун» кызматкерине чабуул болуп өчүрүлгөнү аныкталды

«Клооптун» 4-октябрда Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйындан түз эфирлери жана видеосу басылманын жеринде жүргөн журналистинин фейсбук баракчасына чабуул жасалып өчүрүлгөнү аныкталды.

Түз эфирлерде тургундар Кемпир-Абад суу сактагычы маселеси боюнча нааразычылыктарын айтышкан болчу.

«Клооптун» кызматкерлери алар иштеп жаткан учурда белгисиз адамдар алардын артынан жүрүп, ким экени тууралуу суроолорду беришкенин белгилешти.

Окшош эле учур «Т-Медиа» телерадиокомпаниясынын фейсбук баракчасында дагы катталган. Алар да Өзгөндөн түз эфир алып берген журналисттин жеке баракчасына чабуул болгонун билдиришкен.

4-октябрда Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абадка байланыштуу жабык жыйын өткөн, ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышкан.

Жыйынга чогулган элдин дээрлик жарымынан көбү жана журналисттер киргизилген эмес — муну имараттын тардыгы менен түшүндүрүшүп, алар экинчи этап менен кабыл алынаарын айтышкан. Ошондой эле жыйынга катышкандардын имараттын киришинде телефондору алынган.

Кемпир-Абад боюнча жыйынга кирбей калган тургундар президент Садыр Жапаров жана аны менен чогуу келген бийлик өкүлдөрү «сыртка чыксын» деп талап кылышкан. Бирок алардын талабы аткарылган эмес. Андан кийин сыртта калган элди жыйынга чакырышкан, бирок айрым жергиликтүүлөр да имаратка кирүүдөн баш тартышкан.

ТЕМА БОНЧА:

«Адамча түшүндүрүп бердим». Садыр Жапаров Кемпир-Абадга байланыштуу кайрылуу жасады

Өзгөн: Милиция Кемпир-Абад боюнча нааразы болгондор тиккен боз үйдү түн ичинде бузуп кетти

Бир кадр менен: Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча президент менен жолугууну күткөн тургундар

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл чогулду, президенттин келиши күтүлүүдө

Өзгөн: Кемпир-Абад маселесине байланыштуу 100гө жакын адам митингге чыкты