Оппозиция Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууну жокко чыгарууну талап кылды

Бириккен демократиялык кыймыл (БДК) Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыкты. Кыймыл суу сактагычты Өзбекстанга өткөрүп берүү менен Кыргызстан «өзгөчө мамлекеттик маанидеги стратегиялык объектти» жоготуп алат деп эсептейт.

Оппозициялык кыймыл Кыргызстандын Кемпир-Абад аркылуу өткөн чек арасы буга чейин эч качан талаштуу жер болгон эмес, ал эми 19,5 га жер, анын ичинде дамбанын жарымы жана эки ГЭС Өзбекстан тарабынан өз билемдик менен басып алынган деп айтып жатат.

«Кыргызстандын азыркы бийлиги улуттук кызыкчылыктарды, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоодо өзүнүн алсыздыгын, сабатсыздыгын дагы бир жолу көрсөттү. БУУнун жана көптөгөн дүйнөлүк кадыр-барктуу илимий уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, жыйырма биринчи кылымда, суу — планетадагы эң маанилүү жана кымбат ресурс болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Кемпир-Абад суу сактагычы. Сүрөт: Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Оппозиция профилдик комитеттин Өзбекстан менен чек ара макулдашуусунун долбоору каралган отурумунда «көчүлүк көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер макулдашуунун позициясын карманып, Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишин каршылыксыз колдогонуна» нааразы болушту.

Оппозиция ошондой эле, аймак эч качан талаштуу болбогондуктан, суу сактагыч боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды.

«Бийлик эгер Кемпир- Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүү өтө маанилүү жана пайдалуу деп эсептесе, Кемпир-Абаддын өлкөбүздүн жана элибиздин келечеги үчүн өтө баалуулугун жана маанилүүлүгүн эске алуу менен бул маселени жалпы элдик референдумга алып чыгуусун талап кылабыз», — деп жыйынтыкташты БДКдан.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар

Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.

Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун жактырган.

Добуш берүүгө чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев отурумда эки өлкө чек ара боюнча кандай макулдашууларга жетишкенин айтып берген. Ошондой эле, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирди. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Ошентип, Ташиевдин айтымында, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын — 4 485 га аймагы, ошондой эле плотинасы калат.

«Мурда Кемпир-Абаддын плотинасына жалаң Өзбекстандын жарандары гана кире алчу. Эми биргелешкен башкаруу болот: Кыргызстандан төрт адам жана Өзбекстандан [төрт адам]. 70 жыл бою сууну пайдалануу боюнча чечимди Өзбекстан өз алдынча кабыл алып келген. Эми Кыргызстандын жарандары суу менен ээн эркин колдоно алат: сугатка, малды сугарганга, балык кармаганга, ошондой эле сууну насос менен сордурганга. Өзбекстан инженердик курулуштарды орното албайт», — деген ал.

УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Мамбетжунус Абыловдун айтымында, бул аймактар мурда эле Кыргызстандын жери болгон. Ошентип, ал бул жерлердин кайсыл бир бөлүктөрү райондук деңгээлде убактылуу пайдалануу үчүн Өзбекстанга берилгенин айтты.

«Эми кошуна өлкө биздин жерлер менен эле соода жүргүзүп атышат. Алардын ар биринин тарыхы, таржымалы башка. Кемпир-Абадга кошпой караш керек болчу. Анын үстүнө Кемпир-Абад азыркы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү болчу. Эми Өзбекстан суунун башы болуп калат. Суунун баасы күндөн-күнгө көтөрүлүп атат. Кишинин саны көбөйгөн сайын баасы өсүп жатат», — деп эсептейт ал.

Комитеттин 10-октябрдагы отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолду. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айтышты.