Коопсуздук Кеңештин катчысы Иманкулов: Кыргызстан ЖККУдан чыкпайт

Коопсуздук Кеңештин качысы Марат Иманкулов 17-октябрда «Биринчи Радиого» маек куруп, Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгуу ниети жоктугун айтты. Ал аталган уюм келечекте күтүлүшү мүмкүн болгон агрессиялардан коргонуу Кыргызстанга керектигин белгиледи.

Иманкуловдун айтымында, Кыргызстан ЖККУдан чыгууну каалап жатат деген кеп-сөздөр октябрь айынын башында өлкө «Бузулбас боордоштук-2022» машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткандан кийин тарай баштаган. Коопсуздук кеңешинин катчысы бул машыгуулар жокко чыгарылбаганын, болгону мөөнөтү жылдырылганын белгиледи. Анткен менен Иманкулов машыгуулардын жаңы мөөнөтү тууралуу маалымат берген жок. Бирок, Кыргызстан аны «каалаган убакта» өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Иманкулов «Бузулбас боордоштук-2022» машыгуулар жылдырылышына 14-17-сентябрдагы Тажикстан менен болгон чек ара кагылышуусу себеп болгонун кайталады. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара тилкесинин бардык периметри боюнча толук масштабдуу кагылыш болгон. Атышуунун кесепетинен, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

«Бул [ЖККУ] өтө бизге керектүү нерсе. Бизге ушундай жамааттык коопсуздук уюму керек. Тажик тарап менен кагылшуу болгондон кийин дароо эле ЖККУ керек эмес деп айткан туура эмес. Андан тышкары, өлкөбүздүн алдында башка коркунучтар дагы бар. [...] Эгер башка өлкөлөр же террордук уюмдар тарабынан агрессия боло турган болсо, ЖККУ Алматыдагыдай [Алматыда болгон башаламандыктардагыдай] жардамга келет», — деди Иманкулов.

Анткен менен, кыргыз бийлиги өзү мурда белгилегендей, ЖККУнун уставында эгер уюмдун мүчөлөрүнүн ортосунда куралдуу жаңжал чыкса кандай чара көрүлүшү керектиги тууралуу механизм жазылган эмес. Кыргызстан менен Тажикстан сентябрда чек арада болгон кагылышууга тек гана бири-бирин айыптап жатат.

Алсак, ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жолугушуусунда Кыргызстандын ТИМнин башчысынын биринчи орун басары Нуран Ниязалиев уюмду уставдык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн уюм ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырган.

ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларус жана Орусия кирет.