Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өтпөй турганы жөнүндө чечим кабыл алды

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Кыргызстанда өтө турчу кезектеги аскердик машыгуулары болбой калды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап «ЖККУнун өлкөдө боло турган кезектеги аскердик машыгуулары өтпөй турганы жөнүндө» чечим кабыл алды.

«Бузулбас боордоштук» деп аталган ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы «Эделвейс» полигонунда өтмөк.

ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларус жана Орусия кирет.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында уюмдун курамына кирген Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, кан төгүлгөн. Эки тарап бири-бирин аскердик агрессияга айыптаган.

Мындан улам 7-октябрда уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын Ереванда өткөн консультациялык жолугушуусунда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуштаган.

ТИМ башчысынын орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип жатып, куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн уюм ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырган.

2021-жылы ЖККУнун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү менен өтүүчү «Рубеж-2021» биргелешкен аскердик машыгуусу 7-9-сентябрь күндөрү Балыкчы шаарынын жанындагы «Эдельвейс» окутуу борборунун базасында өткөн. Бирок ага Тажикстан катышкан эмес.