Тышкы иштер министрлиги ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуштады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 7-октябрда Ереванда уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын консультациялык жолугушуусу өттү.

Ага ТИМ башчысынын орун басары Нуран Ниязалиев да катышып, Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берди.

«Ниязбеков куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн уюм ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды. Мунун алкагында биргелешкен билдирүү кабыл алып, ЖККУнун уставдык документтерине түзөтүү киргизүү сунушталды», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арадасындагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 432 турак жай, 285 сарай жана чарба курулушу, 6 мектеп, 6 бала бакча, 9 административдик имарат, 26 авто унаа жана башка 171 жашоо тиричилигин камсыздоо объектиси жабыркаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.

Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.