Кыргызстанда чиновниктер жыл сайын миллиондогон сомдорду ыксыз коротуп, кызыктай эле нерселерди сатып алышат. 2500 сомго алынган бир кесим самын же COVID менен күрөшүүгө деген ат менен алынган өсүмдүктөрдүн уругу буга мисал боло алат.

Ал аз келгенсип, ыңгайлуу тендерлерди дос-тааныштары утуп алгыдай схемаларды ойлоп табышат. А бирок, керектүү маалыматтарды туура издегенди өздөштүрүп алсак бул шылуундуктун бетин ачса болот. «Клооп» сиздерге бул ыкмаларды үйрөтүүгө даяр.

Мамлекеттик сатып алуулар — бул мамлекеттик органдардын керек-жарагын бюджеттин эсебинен сатып алуучу жолу. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик сатып алуулар ачык-айкын болушу керек: жарандар төлөгөн салыктын эсебинен эмне, качан, канча суммага алынганын билгенге укуктуу. Бирок иш жүзүндө сатып алууларды жаап-жашыруунун, ар бир мамлекеттик тендерден жеке пайда көрүүнүн толтура жолдору бар.

Биз «Клоопто» мамлекеттик сатып алууларды дайыма анализдейбиз, жана күн сайын «колу туткак» аткаминерлерди тузакка түшүрүүнүн жолдорун ойлоп таап турабыз. «Клооптун» дата-бөлүмү мамлекеттик сатып алуудагы бузууларга көзөмөл жүргүзүүчү «кызыл желектерди» издөөнүн жаңы шайманын иштеп чыкты.

Ал кандайча иштейт?

Атайын алгоритм бүткүл өлкө боюнча жүрүп жаткан мамлекеттик сатып алууларды карап чыгып, андагы коррупциянын жана адилетсиз атаандаштыктын белгилерин таап чыгат. Товардын баасын жогорулатуу же арзандатуу, тендер өткөрүү мөөнөтүн бузуу, аукциондун катышуучуларынын күмөндүү жүрүм-туруму жана «коррупция шакектери» — бул тендерлерге чиновниктер, депутаттар менен байланышы бар компаниялар катышып жатат деген сөз — мунун баарын биздин алгоритм көзөмөлдөп турат.

Чынында, «кызыл желек» — мыйзам бузуу эмес, болгону мамлекеттик сатып алууда шектүү бир нерсе бар дегендик. Чыныгы коррупцияны табуу үчүн бул сатып алууга байланышкан жагдайларды тыкыр изилдеп чыгуу керек. Ал эми бул чыныгы иликтөө.

«Клооп» мамлекеттик сатып алууларды иликтөөчүлөр мектебине кабыл алуу жарыялады. Биздин мектептин студенттери төмөнкүдөй билимге ээ болушат:

· мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын чоо-жайын үйрөнүп, мектептин окуу куралы менен президенттин пижамасынын кандай байланышы бар экенин аныкташат;

· тигил же бул компаниянын артында ким турат жана кайсы бир чиновник же депутат менен кандай байланышы бар экенин аныктоону үйрөнүшөт;

· ачык булактардан бизнес же адамдар тууралуу маалымат издөөнү өздөштүрүшөт;

· коррупцияны жана адилетсиз атаандаштыкты дароо аныктап — эң негизгиси — адамдарга бул бузуулар тууралуу айтып берүүгө машыгышат.

Окутуунун бардык этаптарын онлайн режимде, ыңгайлуу темпте өтсө болот. Курстун угуучуларына электрондук окуу куралы берилет, колдонмонун ар бир главасы мамлекеттик сатып алуулар тармагынын ар башка аспекттерине арналган. Бөлүмдүн аягында — материал жеткиликтүү болгонун текшерүүчү тест берилет. Теория бөлүмүнөн кийин чакан-иликтөө түрүндөгү практикалык бөлүм болот: биздин система «кызыл желек» менен белгилеген реалдуу кейстер-тендерлер менен иштейбиз.

Бул курс кимдер үчүн?

· журналисттер;

· жарандык активисттер;

· кайсы бир маморгандын сатып алууларына көзөмөл жүргүзүп же сатып алуу боюнча билимин тереңдеткиси келген адамдар;

· мамлекеттик сатып алууларга катышкан бизнес өкүлдөрү;

· экономика жана юридикалык факультеттин студенттери.

Мектепке катталуу үчүн окууга байланыштуу бардык маалыматтар камтылган телеграмдагы тайпага кошулсаңыз болот.

Шилтеме: https://t.me/RedFlagsKloop

Жек болбосо издөө сабына «Клооп: Кызыл желектер / Красные флаги» деп жазып таба аласыз.

Суроолоруңуз болсо 0-702-008-771 номерине WhatsApp же  Telegram аркылуу кайрылсаңыз болот.

Долбоор Open Contracting Partnership уюмунун колдоосу менен ишке ашты.