Ош: 8 жашар кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелген киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт.

Ош шаарында 8 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелген эркек киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 13-октябрь саат 10:00 чамасында катталган. Жабырлануучунун ата-энеси шектүү кызга ыплас аракеттерди жасаганын билдирген.

Бул факт «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен катталып, тергөө иштери башталды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган.

Зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июль айынын аягында ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны өскөнүн билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ала-Бука районунда 5 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелген киши кармалды

Балыкчы: 9 жашар кызга карата ыплас аракеттерди жасаган шектүү кармалды