Ала-Бука районунда 5 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелген киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 5 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелип 40 жаштагы тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, Ала-Бука РИИБне 14-июлда секелектин ата-энеси арыз менен кайрылган. Арыз ээси беш жаштагы кызына ыплас аракеттерди жасаган кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.

«13-июль күнү саат 16:00 чамалуу, азиат улутундагы, болжол менен 35-40 жаштардагы киши кызымды үйүнүн жанындагы дүкөнгө алып кирген. Дүкөндөн балмуздак, шириндиктерди алып берип, жакын жерде жайгашкан бакка ээрчитип барып, ыплас аракеттерди жасаган», — билдирген ал.

Милиция бул факты боюнча «Ыплас аракеттер» беренеси менен иш козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ала-Бука районунун К.Н. аттуу тургуну кармалган. Азыркы тапта тергөө амалдары уланууда.

Өспүрүм кызга жасалган ыплас аракеттер

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында 15 жаштагы сатуучу кызга дүкөнгө соода кылганы келген киши жыныстык органын көрсөткөн. Өспүрүм байкоочу камералар бар экенин эскерткенде ал чыгып кеткен.

Кыз окуяны үй-бүлөсүнө айтып берип, алар дароо милиция чакырган. Жабырлануучунун жакындары чакырууга келген укук коргоо органынын кызматкерлери иштин чоо-жайын уккан соң аларды «шылдың кылып күлгөнүн» баса белгилешкен.

Кийин милиция бул факты боюнча «16 жашка чыга элек адамга карата

сексуалдык адепсиз жоруктарды жасоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 14-апрелде шектүү катары Ош облусунун 35 жаштагы тургунун кармаган.

Бирок Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков шектүүнү камакка алуудан баш тарткан. Мындан улам 24-майда жабырлануучу кыздын эжеси сиңдисине жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши үй камагына чыкканына нааразы болгон.

Ал эми Жогорку Кенештин 26-майдагы жыйында депутат Дастан Бекешев дагы ушул маселени көтөрүп, укук коргоо кызматкерлеринин ишин сынга алган.

Кийин шектүүнү үй камагына чыгарган Арстанбек Аскарбеков райондук соттун төрагалыгынан алынган. Ал эми 31-майда Чүй облустук прокуратурасы шектүүнү Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алган.

Июль айынын башында Москва райондук соту шектүүнү 5 жылга жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, жабырлануучунун пайдасына 50 миң сом акча төлөп берүү милдеттендирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.