2022-жылдын апрелинде Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине интервью берип, тендердик системаны жоюу жөнүндөгү мыйзамга кол койгонун билдирген. Анда президент документ бир айдан кийин күчүнө кирерин айткан.
Бирок тендердик системанын жоюлушу тууралуу биз кайрадан күзүндө гана билдик. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында президенттин администрациясынын сайтында «“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору жарыяланган.
Документте долбоордун негизги максаты — мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу экени айтылат.
Мыйзамдан эмнелерди алып жатышат?
Мамлекеттик сатып алуулардын ыкмалары
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик сатып алуулардын эки ыкмасын — чектелбеген жана чектелген ыкмасын алып салуу сунушталууда.
Бул мамлекеттик сатып алуулар бир гана «котировкаларды суратуу» жана «бир эле булактан» сатып алуу ыкмалары менен жүргүзүлөт дегендик. Башкача айтканда, бул конкурссуз эле түз сатып алуулар болот. Мындай операцияларга 2020-жылы, Кыргызстан COVID-19 пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал режиминде турганда жол берилген.
Европа биримдиктин мамлекеттик контракттарга жүргүзгөн анализи көрсөткөндөй, түз келишимдер товар жана кызматтардын баасынын жогорулатылышына алып келет. Мисалы, беткаптар базар баасынан 10 эсе кымбат сатып алынган.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча комиссия
Андан тышкары, мыйзамдын жаңы редакциясында сунуштарга баа берип, жеңүүчүнү аныктап же эреже бузуу аныкталса сатып алууну өткөн жок деп таанып коё алган комиссияны жоюу сунушталууда.
Колдонуудагы мыйзамга ылайык, комиссия кеминде үч адамдан туруп, алардын бирөөсү мамлекеттик сатып алуулар тармагында сертификаты бар адис болушу керек. Ошондой эле комиссиянын курамына сатып алуучу компаниянын жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү жана тартылып келинген эксперттер кире алышы мүмкүн.
Комнпаниялардан келип түшкөн билдирмелерди кароо ишин тек гана ушул комиссиялар аткарчу. Алар ылайыктуу жеткирип берүүчүнү тандашчу — комиссия документтерде мүчүлүштүктөр, баалары кымбат же товардын улгүлөрү сапатсыз болсо жеткирип берүүчү компаниянын кызматынан баш тартып коё алышчу.
Сунушталган мыйзамдын жаңы редакциясында «күчүн жоготту» деген сөз жалпы 18 жолу кездешет. Бул өзүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн жеткирип берүүчү тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерге карата талаптарга да тийиштүү болгон.
Тендердик система жоголот
«Прецедент» компаниясынын юристти Эдил Эралиев мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алууларды жакшыртпайт, ал азыркы тендердик системаны толугу менен жок кылат деп эсепейт.
«Менимче тендердик система жоголот. Ал атаандаштык, үнөмдөө, сапаттуу товар сатып алуу үчүн керек болчу. Эгер ал болбосо, ошол эле көшөгө артындагы сатып алуу болот. 2020-жылы пандемия маалындагы көрүнүш болот. А бул жерден элестетип коргүлө, баары дайыма ушундай сатылып алынат», — дейт эксперт.
Эралиевдин айтымында, мыйзам долбоорунда таасир берүүчү жана кызыкчылыктар кагылышы беренеси өзгөртүлбөгөнүнө карабастан бул сыяктуу операциялар үчүн мүмкүнчүлүктөр көбөйөт.
Бюджетти пландаштыруу жана мамлекеттик каржылык маселелери боюнча эксперт Бакыт Сатыбалдиев дагы тендердик система жоюлуп кетерин айтат.
«Бардыгы атаандаштык сатык-сатып алуунун жоюлушуна алып барууда, анткени котировкаларды суратуу ыкмасы төммөнкүнү билдирет: “кимге кааласак ошого билдирме жиберебиз, алар бизге баасын беришет, а биз болсо кимдикин керек десек ошонукун сатып алабыз”. Атаандаштыктын жоюлганы, кымбат жана сапатсыз товарлар сатып алынат дегенди айгинелейт», — деп эсептейт ал.
Анын айтымында, тендердик комиссияларды жоюу «коомдук көзөмөлдүн дагы толугу менен жок болушуна» алып келет.
«Негизи эле мамлекеттик каражатка мамиле дайыма ушундай — бул эч кимдин акчасы эмес, демек, аларды ыксыз коротушат. Мисалы, эң кымбат, бирок сапатсыз нерселер алынат, албетте, кээде арзан жана сапаттуусуна туш болуп калышат. Бирок, көбүнесе, акча өзүнүкү болбогондон кийин адамдар “уят болбош” үчүн эң кымбатын сатып алышат. Мамлекеттик сатып алууларда дал ошол атаандаштык эң сапаттуусун тандап алууга мүмкүнчүлүк берет, а эгер аны алып сала турган болсо, сатып алуулар коррупциясыз эле найтыжалуу болбойт», — деди Сатыбеков.
Буга чейин «Клооп» мамлекеттик сатып алуулар кандайча көмүскөгө кетип жатканы жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү жаңы мыйзам сатып алуулардын бир бөлүгүн калктан гана эмес, потенциалдуу катышуучулардан — бизнесмендерден да жашырышы мүмкүндүгү тууралуу жазган.
2021-жылы Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдар «конфиденциалдуу» кылууну чечкен сатып алууларды жашыруун калтырууга мүмкүндүк берген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга кол койгон.
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү ачык булактагы маалыматтар журналисттерге жана коомчулукка тендерлерде бийликке тиешеси бар компаниялар утуп жаткан учурларды аныктоого мүмкүндүк берип келген.