Тилекмат Күрөңов: Ташиев Кемпир-Абад боюнча жолугушууга келгендерди коркутуп кемсинтти

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кемпир Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүлүшүнө байланыштуу маселе боюнча президент Садыр Жапаров менен жолугушууга келген активисттерди коркутуп-үркүтүп, кемсинтти. Бул тууралуу жолугушуунун катышуучуларынын бири, активист Тилекмат Күрөңов түз эфиринде билдирди.

«Баягы эле деңгээл. Суроого жооп берип жатып [Камчыбек Ташиев], сен оппозициясың, сенин ниетиң бузук, көрө албайсың, акылың жетпейт деген сөздөрдү лексиконунда пайдаланып жатты. Президентибиз баш болуп. Мындайча айтканда эки достон башкабыз “аңкоо” экенбиз», — деп билдирди активист.

Анын айтымында, жолугушуунун өзү жабык тартпте өтүп, ага 300дөй адам келген.

«Бирок алар өлкөнүн тагдырын чече албайбыз да. Мен деле барбай эле коёюн дегем, бирок өз көзүм менен көрөйүн, кандай артыкчылык же кемчиликтер бар деп чечтим. [...] Берген суроолорго [бийлик] жоопту тагыраак бере алышкан жок, ынандыра алышкан жок. Мен мурдагыдан дагы көбүрөөк ынанып чыктым, көзүм жетип чыкты. Бизди алдап жатышат. Биз аягына чейин турушубуз керек экени көзүм жетти», — деди Күрөңов.Активист бийлик Кемпир-Абадды Өзбекстанга бергенге чечкиндүү кадам таштап жаткан экен деп дагы белгиледи.

«Садыр Жапаров бүгүнкү жыйындан кийин эл макул болбой жатат деп Өзбекстандын президентине айтып, бул кадамдардан [Кемпир-Абадды берүү] кайтат го деп ойлогом. Жок, булар Кемпир-Абадды бергенге чекиндүү кадам таштап алган экен», — деди активист.

Активисттер менен бийликтин Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушуусу бүгүн, 20-октябрда, Өкмөт үйүндө өттү. Аны президенттин администрациясы уюштуруп өткөрдү.

Жыйын жабык өтүп, келгендердин баары тизме менен киргизилди. Ал эми журналисттерге эбак эле аудио жана видеого жаздырууга тыюу салынганын эскертишкен.

Кемпир-Абад боюнча талаштар

Бийликтин билдирүүсүнө караганда Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү иши аяктап калды. Алсак, 1 378 чакырымды төзгөн чек аранын 1 170и же 85% такталган.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы айрым тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Бирок чек араны такташууда Кемпир-Абад суу сактагычы маселе жаратууда.

Бир эле учурда чек араны делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы болуп эсептелген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жер Өзбекстанга өтүп жатканын билдирген. Анткен менен Ташиев суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар Кемпир-Абаддын Өзбекстанга мүмкүн болуучу өткөрүлүшүнө каршы чыгып жатышат.

Алсак, суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун Өзгөн районунда 15-октябрда элдик курултай өтүп, ага 600дөн ашуун адам катышкан.

Алар суу сактагыч мурда талаштуу аймак болбогонун, дегеле эмне үчүн ал Өзбекстанга өтүп жатканын түшүнбөй жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.