Ташиев Кемпир-Абад Өзбекстанга өткөнүн айтты

Материал 11-октябрда, саат 13:40та жаңыланды. Сандар Жогорку Кеңештин расмий пресс-релизи жарыялангандан кийин такталды.

10-октябрда Жогорку Кеңештин жабык жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимге токтолду. Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жер Өзбекстанга өттү.

Отурумда видео-сүрөт жана аудио жазууга тыюу салынган, ошондуктан журналисттер УКМК башчынын сөздөрүн ар башкача айтып жатышат.

«АКИпресс» басылмасынын журналисттеринин маалыматына ылайык, сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт: 4 адам Кыргызстандан, 4 Өзбекстандан.

«Кыргыздар сууну ээн-эркин колдоно берсе болот», — деп жазышты «АКИпресстин» журналисттери Ташиевдин сөздөрүн.

Kaktus.media’нын журналисттери дагы Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 гектар жер расмий түрдө Өзбекстанга өткөнүн билдиришти.

«Мурда Кемпир-Абаддын плотинасына жалаң Өзбекстандын жарандары гана кире алчу. Эми биргелешкен башкаруу болот: Кыргызстандан төрт адам жана Өзбекстандан [төрт адам]. 70 жыл бою сууну пайдалануу боюнча чечимди Өзбекстан өз алдынча кабыл алып келген. Эми Кыргызстандын жарандары суу менен ээн эркин колдоно алат: сугатка, малды сугарганга, балык кармаганга, ошондой эле сууну насос менен сордурганга. Өзбекстан инженердик курулуштарды орното албайт», — деп жазышты алар Ташиевдин сөздөрүн.

Ал эми 24.kg маалымат агенттигинин журналисттери Өзбекстанга жер эле эмес суунун аймагы дагы өткөрүлүп берилгенин билдиришти.

Мыйзамсыз талкуулоо

Оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Адахан Мадумаров Өзбекстан менен болгон чек ара сызыгын макулдашуу долбооруна каршы экенин билдирди.

«Макулдашуунун долбоорунда суу сактагычка жеткиликтүүлүк тараптардын макулдугу менен өзүнчө келишимде каралат деп айтылып турат. Өзбекстан эч качан мындайга барбайт», — деди ал.

Мадумаров ошондой эле Камчыбек Ташиевди эл өкүлдөрүн коркутпоого чакырды.

«Сиз бул жерде сүйлөгөндөрдүн сөзүнөн улам Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураса жазага тартам деп жатасыз. Мени жазалаңыз. Телевидениени чакырып, мени атып салыңыз. Анан менин күлүмдү Кемпир-Абаддын үстүнөн чачып салыңыз», — деп жазды эл өкүлүнүн айткандарын 24.kg басылмасынын журналисттери.

Ташиев Мадумаровго өзүнүн ордуна чек ара маселесин чечүүнү сунуштады.

«Биз 4 миң 485 гектар жерди бердик, бирок 19 миң гектарды алдык. Бардык талаштуу аймактар бизге өттү. Биз жок дегенде 1 метр жер бизде калсын деп аракет кылып жатабыз. Эгер кимдир бирөө бул маселени жакшыраак чече ала турган болсо, аракет кылып көрсүн. Мен УКМКнын төрагалыгын жана чек араны делимитациялоо комиссиясынын төрагалыгын Адахан Мадумаровго бир же эки жылга өткөрүп берейин», — деди Ташиев.

Мадумаров ошондой эле бул суроо каралып жатканда регламент бузулганын баса белгиледи. Анын айтымында, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишим депутаттарга үч күн мурда берилиш керек эле, бирок андай болгон эмес.

«Документтер регламентти бузуу жолу менен, үч күн эрте таратылбай, залга киргенде таратылды, мына азыр кол койдуруп жүрөт, документти алдым деп, кол коюп бериңиз деп. Чыңгыз Азаматович, мыйзам бузулуп жатабы деп жатам? Ооба бузулуп жатат деп уруп баратабыз го. Бузулуп жатса, токтобойлубу? Сиз дагы айтып жатасыз, ооба бузулуп атат деп жатасыз. Мыйзам бузулуп жатса, анда токтойлу да. Кана жанагы эксперттердин корудундулары? Бизге азыр кол койдуруп жатат, уят эмеспи? Ушуну протоколго киргизип коюңуздар. Биз одоно түрдө бузуу менен кабыл алдык деп. Биз мыйзам дагы, Конституцияны дагы четке ыргытып койдук деп айткыла. Биз түшүнүк менен, буйрук менен кабыл алдык деп, мыйзам менен эмес», — деп жазды Мадумаровдун айткандарын Kaktus.media.

Профилдик комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков бүгүн мыйзамдын долбоору каралбайт, болгону жарандык коом менен талкуу болот деп жооп берди. Ал талкууда эч кандай мыйзам бузулган жок деп эсептейт. Ошол эле кезде, жабык жыйында жарандык коомдун өкүлдөрү жана Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы райондордун тургундары бар же жок экени түшүнүксүз бойдон калууда. Кайсы жерлер Кыргызстанга калат?

Ошондой эле УКМКнын башчысы Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгында Кыргызстанга төмөнкү тилкелер өткөнүн айтты:

  • Гавасай аймагы — 12 849 га;
  • Ала-Бука районунун Көк-Серек айылы — 105 га (ал жакта КРнын жарандары жашайт);
  • Ала-Бука районунун Баястан айылы — 212 га;
  • Унгар-Тоо тоосу — 35 га;
  • Кара-Суу районунун Ак-Таш айылы — 100 га;
  • Ала-Бука районунун Кара-Белес айылы — 25 га (бул бөлүк буга чейин Өзбекстанда болчу);
  • Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү — 19,5 га (каналдын башындагы 19,5 га Өзбекстанга карачу)
  • Сузак району — кошумча 500 га;
  • Өзгөн району — кошумча 500 га;
  • Орто-Токой суу сактагычы — толугу менен Кыргызстандын карамагында каларын билдирди;
  • Ала-Бука районунун Биринчи Май жана Көк-Серек айылдары — 1 307 га;
  • Аксы районунун «Аэропорт», Жетиген жана Кербен аймактары — 571 га;
  • Ноокен районунун Шамалды-Cай айылы — 1 088 га;
  • Араван району — 148 га;
  • Кадамжай районундагы Көк-Талаа жана Пылдырак аймактары — 1 013 га.

Ташиевдин айтымында, комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстанга 19 699 гектар жер өттү.

Буга чейин УКМКнын төрагасы протоколдун долбоору Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары кол койгондон кийин, ратификациялоо үчүн парламентке жөнөтүлөрүн айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы сүйлөшүүлөр

Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1170 км же 85%ы такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан аймактардын бири Кемпир-Абад суу сактагычы. Ал Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун аймагында өзбек чек арасында жайгашкан.

26-сентябрда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары айрым тилкелери боюнча жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк берүүчү протоколго кол коюшту. Бирок бийлик протоколдун мазмунун жарыялаган эмес.

29-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда 300 жакын жергиликтүү тургун чоугулуп митинг өткөрүшкөн. Маалыматка караганда, тургундар «суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал» деп кооптонуп, эки тараптуу акыркы келишимдерди ачыктоону талап кылышкан.

4-октябрда, Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абад маселеси боюнча президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйын өткөн. Бирок ага көпчүлүк тургундар киргизилген эмес — муну имараттын тардыгы менен түшүндүрүшкөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, анда талаштуу жерлердин дээрлик 99 пайызы Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Анын айтымында, буга чейин «Кемпир-Абад» толугу менен өзбек тараптын карамагында болчу. Бирок бүгүнкү келишимдер боюнча Кыргызстан дагы, Өзбекстан дагы плотинаны бирдей башкарат.

Тема боюнча:

«Маалымат — жашыруун». Ташиев Кемпир-Абад боюнча отурум жабык өтөрүн билдирди

Бир шарт — маалымат тарабасын. Кемпир-Абад боюнча талкууга камера, телефон киргизилген жок