Элдик курултай Кемпир-Абадга тиешелүү жер алмашуу иши токтотулсун деген чечим кабыл алды

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда элдик курултай өттү. Жыйында «Кемпир-Абад суу сактагычына тиешелүү жер алмашуу, делимитация жана деморкациялоо иши токтотулсун жана ратификациядан өтпөсүн» деген жалпы чечим кабыл алынды.

Жыйынга 600дөй адам катышып, бардыгы курултайдын резолюциясындагы талаптарды колдой турганын белгилешти.

Резолюцияга төмөнкү сунуштар киргизилип, талаптарды юридикалык жактан оңдоп-түзөө милдети уюштуруучуларга жүктөлдү:

  • Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана деморкациялоо процесси боюнча мамлекеттик комиссия кайрадан түзүлсүн.
  • Кемпир-Абад суу сактагычына тиешелүү жер алмашуу, делимитация жана деморкациялоо маселеси токтотулбаса, Бишкек шааранда «Кемпир-Абад» элдик курултайы уюштурулсун.
  • Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана деморкациялоо боюнча протоколдор инвентаризацияланып, элге жарыялансын.
  • Кыргыз-тажик чек арасы боюнча №36, 39 жана 42 протоколдор жокко чыгарылсын.
  • Баткендеги чек ара чатагында келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн элдик жана депутаттык топтон биргелешкен комиссия түзүлсүн жана Баткен облусун өнүктүрүү программасы көзөмөлдөнсүн.
  • Саясий куугунтук токтосун.
  • Бишкекте жыйын уюштурулуп, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети жана кыймылы түзүлсүн. Ага депутаттар чакырылсын.

Жыйында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалинов сөз сүйлөп, жыйынга келгендер «Кемпир-Абад маселсине чейин деле Өзгөнгө келсе болмок» деп нааразы болду.

Жамалдинов «Өзбекстан менен чек ара маселеси такталып жатканда Кемпир-Абад боюнча маселе көтөрүп жаткандарга таң калып жатканын» айтты. Бирок курултайдын катышуучулары анын сөзүн укпай, ызы-чуу чыгарып, сөз беришкен жок.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар

Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.

Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун жактырган.

Добуш берүүгө чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев отурумда эки өлкө чек ара боюнча кандай макулдашууларга жетишкенин айтып берген. Ошондой эле, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирди. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.

Ошентип, Ташиевдин айтымында, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын — 4 485 га аймагы, ошондой эле плотинасы калат.

«Мурда Кемпир-Абаддын плотинасына жалаң Өзбекстандын жарандары гана кире алчу. Эми биргелешкен башкаруу болот: Кыргызстандан төрт адам жана Өзбекстандан [төрт адам]. 70 жыл бою сууну пайдалануу боюнча чечимди Өзбекстан өз алдынча кабыл алып келген. Эми Кыргызстандын жарандары суу менен ээн эркин колдоно алат: сугатка, малды сугарганга, балык кармаганга, ошондой эле сууну насос менен сордурганга. Өзбекстан инженердик курулуштарды орното албайт», — деген ал.

УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.

Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Мамбетжунус Абыловдун айтымында, бул аймактар мурда эле Кыргызстандын жери болгон. Ошентип, ал бул жерлердин кайсыл бир бөлүктөрү райондук деңгээлде убактылуу пайдалануу үчүн Өзбекстанга берилгенин айтты.

«Эми кошуна өлкө биздин жерлер менен эле соода жүргүзүп атышат. Алардын ар биринин тарыхы, таржымалы башка. Кемпир-Абадга кошпой караш керек болчу. Анын үстүнө Кемпир-Абад азыркы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү болчу. Эми Өзбекстан суунун башы болуп калат. Суунун баасы күндөн-күнгө көтөрүлүп атат. Кишинин саны көбөйгөн сайын баасы өсүп жатат», — деп эсептейт ал.

Комитеттин 10-октябрдагы отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолду. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айтышты.

Тема боюнча:

Оппозиция Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууну жокко чыгарууну талап кылды