Бишкектен Баткенге убактылуу жашоого контейнер үйлөр жиберилүүдө

Баткен облусуна убактылуу жашоо үчүн контейнер үйлөр жиберилип жатат. Бул тууралуу 13-октябрда Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда облуска 16 контейнер жиберилди, жалпысынан 50нү жиберүү пландалган.

Мэриядан контейнерде «бардык шарттар түзүлгөн» деп белгилешти. Аларды шаарда ишмердүүлүк жүргүзгөн бир катар ЖЧКлар сатып берген.

Үйсүз калган баткендиктер

ӨКМ кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үйсүз калган тургундар үчүн убактылуу жашоого чатырларды кура баштаган. Кийизден жасалган жылуу курама үйлөр ысык-суукта бирдей температураны сактап, ден соолукка зыяны жок экени айтылган.

Президент Садыр Жапаров Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда курулушка даярдоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми чек арага чектеш айылдардын тургундары үйдөн да мурда коопсуздук маселеси чечилсе дешет. Алар чек араны делимитация жана демаркациялоону тездетүүнү суранышууда.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Жаңжалдан 63 кыргыз жараны мерт кетти, ал эми жабыркагандардын саны 206ны түздү.

14-октябрда такталган маалымат боюнча, куралдуу жаңжалдан жалпы 661 үй жабыркады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.