Баткен: Үйсүз калган тургундар үчүн убактылуу жашоого чатырлар курула баштады

Сүрөт: ӨКМ

Баткендеги куралдуу жаңжалда үйсүз калган тургундар үчүн убактылуу жашоого чатырлар курула баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгачкы чатырлар Баткен районунун Капчыгай айылында курула баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен чатырлар жылуулатылган болот деп белгилешти.

«Кийизден жасалган жылуу курама үйлөр ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка зыяны жок», — деп билдиришти министрликтен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан 3-октябрдагы маалымат боюнча 640 үй жабыркады — анын 423ү жашоого жараксыз, 217си оңдоп-түзөөгө муктаж экени айтылды.

Мындан сырткары жаңжалдан 11 административдик-стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Президент Садыр Жапаров Баткендеги үйлөрдү жаңы жылга чейин бүтүрүп берүүгө «аракет кылабыз» деп убадалаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.