Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо акциясы өттү. Жергиликтүү тургундар талаптарын айтышып, Куршаб айылынан Өзгөн шаарына чейин жөө жүрүштү.

Сүрөт: Рустам Турсунбеков/Kloop

Акцияга 200гө чукул адам катышты. Алар «Кемпир-Абад берилбесин», «Кемпир-Абад — түштүктүн Ысык-Көлү», «Кемпир-Абад кыргыз жери» деп жазылган плакаттарды көтөрүп басышты.

Жөө жүрүштүн катышуучулары бир ооздон Кемпир-Абад суу сактагычы коңшу өлкөгө берилбесин деген талапты коюшту. Алар бийлик үнүбүздү укмайынча жөө жүрүштөр күн сайын уланат деп белгилешти.

«Мындан ары күн сайын жөө жүрүшкө чыгабыз. Эки дос, элди кыйнабай, кайсыл талаш жер болобосун өзүнүн ыңгайына карап чечип бергиле. Бүгүн жерди берип койсок, эртеңки муун бизди каргайт. Мындан ары жөө жүрүш уланат, эртеңден баштап Өзгөн шаарын кыдырып талабыбызды айтууну улантабыз», — деди жүрүшкө чыккандардын бири.

Сүрөт: Рустам Турсунбеков/Kloop
Сүрөт: Рустам Турсунбеков/Kloop

20-октябрда Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жарандык активисттер жана чек арага жакын айылдардан келген тургундар менен жабык жыйын өткөрүшкөн. Жергиликтүү тургундар ал жыйында бийликке үндөрүн жеткире албаганын белгилешти. Айрымдары сүйлөп жатканда микрофондору тартып алынганын айтышты.

Сүрөт: Рустам Турсунбеков/Kloop

Өзгөндүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычы берилбесин деп каршы болуп келишет. Ал эми бийлик тескерисинче кыргыз-өзбек чек арасы кыргыз тараптын пайдасына чечилгенин айтып, нааразы болгон элди ынандырууга аракет кылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?