Чек арада курман болгон аскерлердин жакындарына 1,2 млн сом жана батир берилери айтылды

Баткенде курман болгон жоокерлерге арналган митинг-реквием. Сүрөт: Президенттин администрациясы

Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгон аскерлердин жакындарына 1,2 миллион сом кенемте жана батир берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-октябрда жарандык активисттер жана чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен өткөн жабык жыйында билдирди.

Ошондой эле өлкө башчысы «жаракат алган аскерлерге 100-200 миң сомдон кенемте берилет» деп убадалады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жаан жаап, чатырдан суу өтүп жатат». Баткендиктер оңдоо иштери басаңдап жатканына тынчсызданууда

Чек арада курман болгон 63 адамдын 48и аскер кызматкери болгону айтылды