«Кемпир-Абад» чуусу. Активист Күрөнов бийликтин куугунтугунан улам өлкөдөн чыгып кетти

Активист, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөсү Тилекмат Күрөңов (Кудайбергенов) 22-октябрда Кыргызстандан чыгып кетти. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы жазды.

Ативисттин өзүнүн айтымында, ал саясий куугунтуктан улам жана кайрадан түрмөгө түшүп калуудан кооптонуп өлкөдөн чыгып кеткен. Күрөңов ушул жылдын сентябр айында колониядан чыккан, аны социалдык түйүндөгү билидрүүсү үчүн бир жарым жылга соттошкон эле. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал билдирүүлөрдө «бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандык уюштурууга чакырыктар» болгон.

Күрөңов видео кайрылуусунда ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери — «эки бандиттин мыйзамсыз буйруктарын аткарып жатканын», алар «эртеби-кечпи» жооп беришерин айтты. Күн мурун, 23-октябрда, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыккан бир катар саясатчылар менен активисттер кармалган.

«Ошон үчүн достор, бүгүнкү күндө биригиш керек. 26-октябрда Кыргызстандын аймагында Улуу жыйын болот, Бишкек шаарында чогулабыз. Бардык саясатчылар бошотулсун жана Кемпир-Абад кетпесин, “Мени да кама” деген акция уюштурабыз», — деди активист.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Милиция активисттер менен саясатчыларды кармагандан кийин баш коргоо чарасы каралгыча 48 саатка камакка алган.

Кийинчерээк Бишкек ШИИБдин имаратынын астында митинг өткөн. 30дай киши «Саясий куугунтукка жол жок!», «Башаламандыкка жол жок!» жана «Саясий жүйө менен кармалгандарга боштондук!» деген плакаттарды кармап чыгышкан.

ИИМден болсо Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканын айтып жооп беришкен.

Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө «айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган». Милициядан шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатканын моюндашкан. Бирок шектүүлөрдүн тизмесин ачыкташкан эмес.

Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова сөз кармалган 21 киши тууралуу болуп жатканын билдирген. Институттан тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын белгилешкен.

Тинтүү жана кармоолорду парламент депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев да сынга алышкан.

Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.

«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.

Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган. Акаев болсо активисттер менен саясатчылардын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ал Конституция боюнча ар бир кыргызстандык өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин баса белгилеген.