Биринчи май райондук сотунда 25-октябрга караган түнү ИИМ тарабынан кармалган саясатчылардын жана активисттердин баш коргоо чарасы каралды. Сот таң атканча уланып, дээрлик бардык кармалгандар эки айга камакка алынды.

Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова, Эркина Убышева, экс-депутат Наталья Никитенко жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянова түнкү саат 3тө чечимди күтүп сот имаратынын алдында турушту.

«Клараны жана Ританы күтүп жатабыз. Алар 10 сааттан ашык убакыттан бери сотто», — деп жазды сүрөттүн алдына укук коргоочу Эркина Убышева.

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен. Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен.

Активист жана саясатчыларга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылды.

24-октябрда аларды бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылып Ош жана Бишкек шаарларында жарандык активисттер тынчтык акцияларына чыгышты. Ошол эле учурда Өзгөн шаарында 300гө жакын киши митинг уюштуруп, алардын кармалганын колдоп, «бийликке ишеним артууга» чакырышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды

Ошто Кемпир-Абадды жана ага байланыштуу кармалгандарды коргогон акция өттү

«Кемпир-Абад берилбесин жана саясий куугунтук токтосун». Бишкекте тынчтык жүрүшү өттү