Ошто Кемпир-Абадды жана ага байланыштуу кармалгандарды коргогон акция өттү

24-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында саясий куугунтукка жана Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы митинг өттү. Ага ондон ашык жергиликтүү активисттер катышты.

Акция башталаарда белгисиз киши активисттин плакаттарын колунан жулуп алып кетти. Активисттер талаптарын кайрадан плакаттарга жазып, тынчтык митингин улантышты.

Митингге катышкан укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева Кемпир-Абадды коргоп чыккандардын камалышын «одоно мыйзам бузуу жана сөз эркиндигине кол салуу» деп атады. Ошондой эле ал Кемпир-Абад суу сактагычынын коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы экенин белгиледи.

«Кечээгидей 20дан ашуун активистти кармап кетүү деген Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Аларды кылмышкер катары үйүндө тинтүү өткөрүп алып кеткени – мыйзамды одоно бузуу. Бул иштин үстүндө президент, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкы прокурор Зулушев [Курманкул] да турат. Кечээги күндү “кара базар күнү” деп атоого болот, бул 1937-жылдагыдай эле болуп калды. Мындайга жол бербешибиз керек. Кыргызстандагы демократияны сактап калышыбыз керек», — деди ал.

Ал эми жергиликтүү активист Нурмухаммед Аташбаев «чек ара маселесин чечүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар катталып жатат» деп билдирди.

«Мамлекеттин негизи — жерде. Албетте, чек ара маселелерин мамлекет, парламент өзүнүн процедурасы менен чечиши керек, бирок бүгүнкү күндө мыйзам бузуулар толтура. Чыңгыз Айдарбеков өзү “силер документтерди толук көрсөтпөй туруп, кол койгула деп жатасыңар” деп айтты, демек мыйзамсыз кетип жатат. Экинчиден, мамлекет башчысы [Кемпир-Абад боюнча] бирде “биз 99% уттук” десе, бирде “ал жер эчак эле берилип кеткен, эми кайра алып жатабыз” дейт. Мындай жагдайда ишеним болмок беле? Мекендин кызыкчылыгы үчүн башкача ой айтып койгону үчүн эле камап койгону бизди тынчсыздандырат. Бул саясий куугунтук», — деп билдирди ал.

Митингчилер бир ооздон сөз эркиндигине басымды жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылышты.

Бүгүн, 24-октябрда, Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында жана Кызыл-Октябрь айылында митингдер өттү. Борбор калаадагы, Кызыл-Октябрдагы жана Оштогу митингдерде бийликтин аракети кескин сындалса, калган эки шаардагы митингдерде тескерисинче бийликти колдоого чакырышты.

23-октябрда ИИМ 20дан ашык саясатчы жана активисттердин үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен. Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен. Андан тышкары, кармалгандардын бир бөлүгү — 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Жарандык көзөмөл комитети бийликти Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы пикир айткан активисттерге карата репрессияны токтотууга чакырды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу бийликти колдогон митинг өттү

«Кемпир-Абад берилбесин жана саясий куугунтук токтосун». Бишкекте тынчтык жүрүшү өттү