«Кемпир-Абад берилбесин жана саясий куугунтук токтосун». Бишкекте тынчтык жүрүшү өттү

24-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы жана саясий куугунтукту токтотууну талап кылган тынчтык жүрүшү болду. Бир күн мурда суу сактагычтын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккан оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана активисттер баштаган 21 киши кармалган болчу.

Тынчтык жүрүшүндө 300дөн ашуун жаран алгач темир жол бекетинин алдына чогулуп, андан соң Эркиндик гүлбагы аркылуу Ала-Тоо аянтына келди.

Акциянын катышуучулары «Куугунтук токтосун», «Кемпир-Абад берилбесин, тил кесилбесин», «Боштондук» деген плакаттарды көтөрүп турушту.

«Камоолор, мыйзамсыз тинтүүлөр, ойду, эркиндикти чектөө — туура эмес. Кыргызстан жакында эле БУУнун адам укуктары боюнча комитетине мүчө болуп киргенбиз, сыймыктанганбыз. Бүгүнкү болуп жаткандар адам укуктарына, сөз эркиндигине шек келтирет», — деп билдирди активист Улан Үсөйүн.

Тынчтык маршынын жыйынтыгында чогулгандар бийликке бир нече пунктан турган кайрылуу жолдошту:

  • Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын айланасы Кыргызстандын карамагында калышы керек;
  • суу сактагычты алмашуу, делимитация жана демаркациялоо иштери токтотулсун. Макулдашуу ратификациядан өтпөшү керек;
  • делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссия кайрадан түзүлсүн;
  • делимитация жана демаркация иштери боюнча түзүлгөн протоколдор ачыкталып, коомчулукка айтылышы керек;
  • саясий куугуктуктоолор тез арада токтотулсун.

Активисттер жана саясатчыларды кармоо

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын айтымында, 23-октябрда ИИМ тарабынан кармалган активист жана саясатчылардын саны 21ди түзгөн.

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып келген активист жана саясатчылар учурда «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатат.

Убактылуу кармоочу жайга киргизилгендердин тизмеси:

  • саясатчы Равшан Жээнбеков;
  • экс-депутат Асия Сасыкбаева;
  • укук коргоочу Рита Карасартова;
  • активист Али Шабдан;
  • активист Таалай Мадеминов;
  • активиста Улугбек Маматаев;
  • активист Перизат Суранова;
  • активист Жеңиш Молдокматов;
  • активист Эрлан Бекчороев;
  • укук коргоочу Клара Сооронкулова;
  • БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
  • активист Атай Бейшенбек;
  • журналист Айданбек Акматов;
  • активист Нурлан Асанбаев;
  • Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;
  • активист Айбека Бузурманкулов;
  • активист Чыңгыз Капаров;
  • УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшебаев;
  • саясатчы Бектур Асанов;
  • активист Талант Эшалиев.

Мындан сырткары ушул эле күнү экс-депутат Канат Исаев камакка алынган. Исаев 2017-жылы козголгон иштин алкагында кармалганы белгилүү болду.

Кармалгандардын баары буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындап келишкен. Андан тышкары, кармалгандардын бир бөлүгү — 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Жарандык көзөмөл комитети бийликти Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы пикир айткан активисттерге карата репрессияны токтотууга чакырды.