БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү Лиз Тросселл кыргыз бийлиги Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындап чыккандан кийин кармалган активисттер менен саясатчылардын ишин адилетүү кароону камсыздашы керек деп билдирди. Бул тууралуу 26-октябрда уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кармалгандардын бардыгы массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү ишинде шектүү катары өтүп жатат.
Тросселл камакка алынгандарга карата тагылган айыптардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча айтылган сындарга тыгыз байланыштырылып жатканын белгиледи.
«Биз бийликти [кармалгандарга] тийиштүү процесстин кепилдиги менен камсыз кылууга жана эл аралык укукка ылайык, адилеттүү соттук териштирүүнү, анын ичинде [ишти] судьяга кечиктирилгис түрдө алып келүүнү жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун талашууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, БУУдан азырынча кармалгандардын күнөөсү далилдене электигин, ошондуктан камакка алуу аргасыз чара болушу керек жана тийиштүү эл аралык ченемдерге ылайык колдонушу зарыл экенин эске салышты.
«Адамдардын өз оюн эркин айтууга жана маалымат алууга, анын ичинде алардын коомдук жашоого катышууга укугу сакталышы керек. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жергиликтүү тургундар менен алгылыктуу консультацияларды жүргүзүү керек», — деп билдиришти БУУдан.
Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. 24-октябрга карата жок эле дегенде 22 адамдын кармалганы белгилүү болгон.
Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын белгилеген.
ИИМден болсо Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканын айтып жооп беришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө «айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган».
Тинтүү жана кармоолорду парламент депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев да сынга алышкан.
Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.
«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.
Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган. Акаев болсо активисттер менен саясатчылардын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ал Конституция боюнча ар бир кыргызстандык өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин баса белгилеген.
24-октябрь күнү Бишкек жана Ош шаарларында саясий куугуттуктарга жана Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы митингдер өттү. Ал эми Өзгөн жана Жалал-Абадда президент Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн.
Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп эсептейт.
«Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен», — деп билдирген Жапаров.