Аскерге чейинки даярдык сабагы бардык мектептерге киргизилет

Кыргызстандагы бардык мектептерде аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагы киргизилет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында билдирди.

«Аскерге чейинки даярдык сабагы кээ бир мектептерде бар, кээ бирлеринде жок. Бул боюнча өкмөт тараптан тапшырма алганбыз. Билим берүү министрлиги менен иштеп чыгып, сунуштар берилип, бардык мектептерде бул сабакты киргизүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы арада бардыгына киргизилет», — деди ал.

Тердикбаев запастагы офицерлердин санын көбөйтүү максатында жогорку окуу жайларда жоокерлерди даярдоочу аскердик кафедраларды кайрадан ачуу боюнча сунуштар берилгенин белгиледи. Ал азыркы тапта өлкөдө студенттер үчүн Медициналык академиянын базасында гана жалгыз аскердик кафедра бар экенин кошумчалады.

Аскерге чейинки даярдык сабагы

Мектептерде аскерге чейинки даярдоо сабагын киргизүү жана ар бир облуста аскердик окуу жайларды ачуу планы тууралуу 6-июнда коргоо министри Бактыбек Бекболотов дагы айткан. Министр «бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат» деп белгилеген.

Бекболотов аскер коллеждеринде окуган окуучулар аскерге барууга милдеттенбесин, бирок ал жерде «тарбия» алышарын кошумчалаган. Коргоо министри сөзүнүн аягында депутаттарга мыйзам долбоору даяр болгондо эл өкүлдөрүнө сунушталарын айткан.

Кийинчерээк, 22-октябрда депутат Шайлообек Атазов аскерге чейинки даярдык сабактарында окуучуларга автоматтарды бериш керек деп белгилеген.

«Жок дегенде жыгачтан автомат жасап, таштан граната жасап, ыргытканды үйрөтүш керек балдарга. Себеби, бүгүн Билим берүү министрлиги менен Коргоо министрлиги отуруп, “ушул сабактарда бизге автомат берип, кайра алып кетип турасыз” деп биргеликте ушуну киргизсе, 10-11-класстын балдары чек араны коргоого, мекенди сүйүүгө, улутту коргоого, элди коргоого болгон бир тарбия менен өсөт эле», — деген оюн билдирген ал.

Ошондой эле Атазов балдарды «мекен үчүн жанын берүүгө даяр болгондой тарбиялоо керек» деп айткан.

Негизги беттеги сүрөт: Жамааттык ЖМКлар бирлиги

Тема боюнча:

Коргоо министри патриоттук тарбияны жандантуу үчүн аскердик коллеж ачууну сунуштады