Коргоо министри патриоттук тарбияны жандантуу үчүн аскердик коллеж ачууну сунуштады

Коргоо министрлиги мектептерде аскерге чейинки даярдыкты мурдагы деңгээлге жеткирип, ар бир облуста аскердик коллеждерди ачууну каалайт. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов Жогорку Кеңештин 6-июндагы социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

«Ар командировкага, иш сапарга чыкканда коргоо министри, орун басарлары, бөлүм башчылары, кол башчылардын баары азыр ошондой тапшырма алышкан. Мектептердеги класстарды текшерип, ошолордун баарына Билим берүү министрлиги менен чогуу [аскерге чейинки даярдыкты] мурунку деңгээлге жеткирели деп жатабыз. Бул биринчиден. Экинчиден, дагы бир демилге көтөрүп жатабыз. Коргоо министрлиги менен Билим берүү министрлиги биргеликте ар бир облуска аскердик коллеж ачып алсак. 9-10-11-класста окуган балдарыбыздын көбү бүгүнкү күндө көңүлсүз калып жатат. Интернетте көрүп атасыздар, коңшу мамлекеттерде свастика тагынып жүргөндөр бар, ушул Борбордук Азияда, тилекке каршы. Бизде дагы ошонун тарапташтары эбак эле бар. Ошондой болбош үчүн коллеж ачып алсак. А мындай, көңүлсүз калган балдарыбыз, бүгүн же фашизмге же экстремизмге кирип кетет», — деди ал.

Бекболотов аскер коллеждеринде окуган окуучулар аскерге барууга милдеттенбесин, бирок ал жерде «тарбия» алышарын кошумчалады. Коргоо министри сөзүнүн аягында депутаттарга мыйзам долбоору даяр болгондо эл өкүлдөрүнө сунушталарын айтты.