«Кылмышка тете». Өндүрүш Токтонасыров «Азаттыкты» бөгөттөөгө каршы жалгыз пикетке чыкты

27-октябрда активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги «Азаттык» үналгысынын алдында жалгыз пикет өткөрдү. Ал Маданият министрлигинин «Азаттыкты» бөгөттөө чечимине каршы экенин билдирди.

Активист «“Азатыкка” азаттык!» деген жазуусу бар плакатты көтөрүп чыгып, бийликтин үналгыны бөгөттөө боюна чыгарган чечимин «кылмышка тете» деп сыпаттады.

Сүрөт: Өндүрүш Токтонасыровдун түз эфиринин скриншоту.

«“Азаттыктын” миңдеген окурмандары ал чечимге каршы чыгып, ачуулары келип жатат. Чынында, бул сөз эркиндигине, демократияга кол шилтегендик. Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларды кенен чагылдырган жападан жалгыз, абройлуу редакциянын сайтын жабуу кылмышка тете. Туура эмес кадам болуп жатат. [Бул] азыркы бийликтин туура эмес саясатынын кесепети», — деп билдирди ал.

Токтонасыров 13-октябрда «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларына каршы митинг өткөргөн топту «жалданма жарандар» деп эсептейт.

«Даяр сценарийдей сезилет. Аларды жиберип, анан Маданият жана маалымат министрлиги аркылуу ушундай чечимге келип жатканы бизди кыжырдантат. Туура эмес. Урматтуу “Азаттыктын” угарман, көрармандары, каршы чыккыла. Биз бийликке сын-пикирди айталы, өңгөгө асылсаң да “Азаттыкка” асылбасын», — деп басылманын окурмандарына кайрылды ал.

Активист бийлик радионун үнүн басуу менен жалпы угармандарды үналгыны угуп, маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн «ажыратып жатат» деп кошумчалады.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Министрликтин маалыматында, буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылат.

Ал эми «Азаттык» мурдараак билдирүү таратып, министрлик аларга кат жолдогонун тастыктаган. Радионун президенти Жейми Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп баса белгилеген.

«Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз», — деген ал.

Активист Өндүрүш Токтонасыров коомго өзгөчөлөнгөн, жалгыз пикеттерди уюштуруп жүргөн адам катары белгилүү. Ал көп жылдан бери социалдык жана саясий маселелерге өзүнүн каршылыгын башкача усулда билдирип келет.

Буга чейин ал Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине, активист жана саясатчылардын укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалышына жана Украинадагы согушка каршы митингедерге катышкан.

Тема боюнча:

«Азаттык»: Демократ Өндүрүш... [видео]