Жети миллионунчу жаранга удаа төрөлгөн наристеге 200 миң сом сүйүнчү берилди

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкекте жети миллионунчу кыргызстандыкка удаа төрөлгөн Хамзага президенттин атынан 200 миң сом сүйүнчү берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркай 19-октябрда саат 2:25те төрөлгөн. Ал эми Кыргызстандын жети миллионунчу жараны саат 02:10до Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жарык дүйнөгө келген.

Улуттук статистикалык комитетинен жети миллионунчу бала төрөлгөндөн кийин башка облустарда дагы сегиз ымыркай жарыкка келгенин белгилешкен.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жети миллионунчу наристенин ысымын Жакшылык деп коюуну сунуштап, ага арнап бир миллион сомдук депозиттик эсеп ачууну тапшырган.

Кыргызстанда 6 миллионунчу жаран Айлин Кожошева 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн. Өлкөдө калктын саны жети жылда бир миллонго көбөйдү.

Ал эми беш миллионунчу жаран Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жаран Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жакшылык». Баткенде төрөлгөн жети миллионунчу жаранга 1 миллон сом депозиттик эсеп ачылды