Изилдөө: Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби — көмүр жагып жылытуу

Жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби болуп эсептелет. Мындай жыйынтыкты, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Финдик метеорологиялык институт чыгарган. Ал Бишкекте абанын сапатын изилдеген.

«Кыргызстанда үй чарбаларынын 70%ы көмүр менен жылытылат, бул майда, өтө эле кооптуу катуу бөлүкчөлөрдүн концентрациясын чыгарат — РМ2.5. Бул микроскопиялык бөлүкчөлөр өпкөдөгү тоскоолдуктардан өтүп, кан айлануу системасына кирет да, мисалы, жүрөк кан-тамыр, дем алуу органдарынын жана өпкө рагы ооруларын пайда кылат», — деп айтылат изилдөөдө.

*Абанын индексин эсептөөдө абаны булгоочу бардык заттар эсепке алынат, алардын ичинен негизгилери бул РМ2.5 жана РМ10.

РМ2.5 — бул күйүп жаткан заттардан, мисалга, автоунаанын түтүнүнөн, отун же көмүр жагуудан, ошондой эле токой өрттөрүнөн абага бөлүнүп чыккан микро бөлүкчөлөр.

РМ10 — бул диаметри 10 микрометр же андан да азыраак болгон абадагы, анын ичинде түтүн, чаң, көө, туздар, кислота жана металлдардан турган түрдүү катуу бөлүкчөлөр.

Изилдөөчүлөр Бишкек ЖЭБи абанын булганышына олуттуу деле таасир этпегенин аныкташкан — 2 метр бийиктикте PM2.5 менен PM10дун катуу бөлүкчөлөрүнүн концентрациясына болгону 1%.

«Бул түтүн чыккан морлор бийик болгондуктан абаны булгоочу заттар шаардан ыраак барып жок болуп кеткендиктен ушундай».

Изилдөөнүн отчётунда эгер чара көрүлбөсө, 2040-жылга барып абаны булгаган негизги заттардын концентрациясы кыйла өсөрү күтүлөт делет. Тактап айтканда, PM2.5 чыгындысы 60%га көбөйөт, бул көбүнесе үй чарбаларын жылытууда бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарга байланыштуу болот.

«Мындай кесепетке алып келбөө үчүн отчёт негизги чыгынды булактарын камтыган саясаттын варианттарынын жол картасын сунуштайт. Жол картасындагы сунуштарга ылайык, турак жай секторунда жылуулук насостору сыяктуу көмүргө караганда арзан, таза альтернативаны жайылтып, натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүгө болот. Транспорттук тармакта күйүүчү майдын стандарттарына талаптарды күчөтүү, ал эми энергетика тармагында энергиянын кайра жаралуу булактарынын потенциалын жигердүү пайдалануу сунушталат. Казып алынуучу отун булактарын колдонууну азайтуу бир гана абанын сапатын жакшыртпастан, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө салым кошуп, саламаттык сактоо тармагына кеткен чыгымдарды үнөмдөөгө өбөлгө болот», — деп белгиленет изилдөөдө.

Отчётто абанын булганышына көзөмөл кылуучу системаны, анын ичинде атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу керектиги дагы айтылат.

Кышкысын Бишкекти каптаган кара түтүн

Жыл сайын Бишкекте кышкысын абанын сапаты начарлап, тургундар смогго арыздана башташат. Ал тургай Бишкек абасы эң эле булганган дүйнө шаарларынын рейтингинин сап башына чыгат.Смог менен күрөшүү үчүн Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында Өзгөчө комиссия түзгөн. Ал жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуунун үстүндө иштейт.

Бийлик абанын булгануусуна автотранспорттун жана жеке сектордун түтүнү негизги себеп экенин атаган.​

Дагы окуңуз: Бир кадр менен: Калааны кайрадан кара түтүн каптады — ал Байтик ойдуңун толук жаап турат

Инфографика: Бишкектиктер кандай аба менен дем алышат жана булганган аба алардын ден соолугуна кандай зыян тийгизет?

Башкы беттеги сүрөт: Михаил Дудин.