Атазов ИИМди адамдарды далили жок «экстремизмге» айыптабоого чакырды

Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында ИИМди жарандарды «диний экстремист» деген айып менен кармабай, алдамчы шылуундар менен менен күрөшүүгө чакырды.

Депутат журналист Семетей Талас уулу менен Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун жакында эле кармалышынын шартында оюн айтты. Алар «экстремисттик материалдарды» жайылтышкан делип шектелишүүдө.

Атазов ИИМдин өкүлдөрүнөн «экстремист» деген ким экенине кыскача аныктама берүүнү суранды. Министрликтен «кыскача айтканда — ал мыйзам чегинен чыгып жаткан [киши]» деп жооп беришти.

«Эмне үчүн “экстремист” дегенде эле “диний экстремист” деп динге чаптай бересиңер? Бизде намаз окубаган, динге ишенбеген деле экстремисттер бар да. Силер ошолор менен күрөшүшүңөр керек. Бир пост жазып койгон журналистти экстремист деп алып келип жатасыңар. Мына, Руслан Бекназаров (Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу) умрага барган — беш маал намаз окуган баланы, аны да диний экстремист деп алып кирип жатасыңар. Бул уят да. Коомдун, Кыргызстандын жарымын диний экстремист кылып таштайсыңарбы? Бул эмне деген күрөш?» — деп нааразы болду депутат.

ИИМдин башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаев дал ошол диний агымдар тарабынан коркунучтар көп болуп атат, алар интернет аркылуу экстремисттик материалдарды жайылтышууда деп жооп берди.Атазов алгач экстремиттерди так аныктап бере турган эксперттерден тактоо алуу керектигин белгиледи.

«Мына бүгүн пирамидаларды ачып алып элди тоноп жатышат. Ошол уурулар менен күрөшүңүздөр. Элибизди ыйманга, даватка, намазга, аруулукка, тартипке үндөгөн балдарды үйүндөгү балдарын чыркыратып экстремист деп камай бересиңерби? Бирөөгө айып тагаардан мурун, аны далилдеш керек», — деди Атазов.

ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев материалдар экспертизанын негизинде тергөөчүлөр тарабынан сотко өткөрүлөрүн, андан ары жарандардын күнөөсү бар же жогу тууралуу чечими сот чыгарарын айтып жооп берди.

Экстремисттик материалдарды жайылтуу үчүн кармоолор

1-ноябрда милиция кызматкерлери журналист Семетей Талас уулун «экстремисттик материалдарды таратууга» шектеп кармашкан. 3-ноябрда журналист 2022-жылдын 7-декабрына чейин үй камагына чыгарылган.

Журналист Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимди сындап кармалган саясатчылар менен активисттерди колдоп постторду жазып жүргөнү белгилүү.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров дагы экстремисттик материалды жайылтууга шектелип жатат. Ал 14-сентябрда кармалган. Милициядан Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын билдиришкен.

2-ноябрда Бекназаровдун уулу 2022-жылдын 12-декабрына чейин үй камагына чыгарылган.Ал арада атасы, Азимбек Бекназаров дагы массалык башаламандыктарды даярдоо иши боюнча Бишкектин ТИЗО-1де камакта кармалууда. Аны Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин башка мүчөлөрү сыяктуу эле суу сактагычты Өзбекстанга өткөрүүгө байланышкан сындардан кийин кармашкан.