Сот журналист Семетей Талас уулун үй камагына чыгарды

«Экстремисттик материалдарды таратууга» айыпталып кармалган журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка караганда, Талас уулу 7-декабрга чейин үй камагында болот.

Журналист 1-ноябрда ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылып, ошол эле күнү 48 саатка камакка алынганы кабарланган.

Ал эми ИИМ журналистке буга чейин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» боюнча кылымыш иши козголгонун билдирген.

«Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган" деген кортунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эркин журналист буга чейин соцтармактарда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечими тууралуу пикир билдирип келген.

Ал буга чейин үстүбүздөгү жылдын 18-февралында дагы «экстремисттик материалдарды таркаткан» деп шектелип, УКМКга суракка чакырылган. Анда Талас уулу мунун себебин «соцтармактардагы билдирүүлөрүнүн бирине байланыштуу» экенин белгилеген.

Семетей Талас уулу көбүнесе уюшкан кылмыштуу топтор жана коррупцияга байланыштуу макалаларды жазат. Ал соңку жылдары соцтармактарда коомдогу түрдүү окуяларга карата пикирлерин активдүү билдирип келет.

Башкы сүрөт: «Азаттык» үналгысы.