Экстремисттик материалдарды таркатууга шектелген Руслан Бекназаров 48 саатка камакка алынды

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу — Руслан Бекназаров кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Руслан Бекназаров экстремисттик материалды жайылтууга шектелип жатат.

Милициядан Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын билдиришкен.

Аталган факты боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул иш боюнча Руслан Бекназаров суракка алынган.

Буга чейин атасы Азимбек Бекназаров баласын камаганы бул бийликтин «пастыгы» деп билдирген.

«Менин баламды камап, мен чөгөлөтөм деп жатасыңар. Жаңылышасыңар. Мени чөгөлөтөм деген далай президенттерди көргөм. Ошолордун бири — силерсиңер. Силер мени, кыргыз элин эле эмес, сырттан колдоп турган бакиевчилерди дагы 1,5 жылдан бери алдап келатасыңар. Убадаңарды аткарган жоксуңар», — деп айтып, өлкө жетекчилеринин отставкасын талап кылган.

Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары. Ал бул кызматка 2022-жылдын июнь айында дайындалган.

Бекназаров бийликке сын айткандан кийин кызматтан алынган

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.

2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Ал эми Беканазаров элчилик кызматтан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон. Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.

Бекназаров өзү «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген.