Өлкөдөгү 14 авариялык абалдагы мектептин курулушун Дүйнөлүк банк каржылайт

Сүрөт: «Жарака» долбооруна таандык

Кыргызстандагы авариялык абалдагы мектептердин 14үнүн курулушун Дүйнөлүк банк каржылайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында Мамлекеттик курулуш мекемесинин жетекчисинин биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө комиссиянын чечими жараксыз деп табылган 245 мектеп бар.

«Анын ичинен 29 салынып, ремонттолуп бүттү. 133үндө курулуш иштери жүрүүдө. 68 мектеп боюнча каржы булактары аныктала элек», — деди ал.

Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептерде окуган балдар күн сайын өз өмүрлөрүн тобокелге салып окуп жатышат.

Өлкөдө дагы жүздөгөн мектеп капиталдык ремонтко муктаж жана авариялык мектептердин тизмесине кошулуп калуу ыктымалдыгы бар экени айтылат. Түрдүү баалоолорго караганда, өлкөдөгү мектептердин төрттөн бири, айрым булактарга караганда үчтөн бири кейиштүү абалда. Аталган мектептерде күн сайын эң аз дегенде 300 миң бала окуйт.

Авариялык мектептер жылдар бою ремонттолбой, ал эми пландалган жаңы мектептер курулуп бүтпөй келет. Ал эми мектептердин аздыгынан жана имараттын кичүүлүгүнөн айрым окуучулар бр партадан үчтөн отуруп окууга аргасыз.

Тема боюнча окуңуз:

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!

«Балдарыбыздын билим алууга укугу жокпу?». Мектеби жок айыл

Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан