Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев суракка чакырылганы кабарланды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына суракка чакырылды. Бул маалыматты ал 6-ноябрда «Азаттык» басылмасына тастыктады.

Текебаев азыркы тапта ИИМдин имаратында күбө катары сурак берип жатканын айтып, бирок кайсы иш боюнча көрсөтмө берип жатканын ачыктаган эмес.

Ошондой эле, элчи Германиядан Кыргызстанга 5-ноябрда келгенин кошумчалаган.

Ал эми Ички иштер башкармалыгы Текебаевдин суракка чакырылганы боюнча расмий маалымат бере элек.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл 3-февралда Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалган.

Текебаевдин активист жана саясатчылардын кармалышы боюнча билдирүүсү

Буга чейин Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист жана саясатчылардын кармалышы боюнча билдирүү жасаган. Ал «активисттерди коркутуу жана кармоо жакшылыкка алып келбейт» деп белгилеген.

Анын айтымында, Кыргызстан Европада эгемен эли, эркин, күжүрмөн жарандык коому, намыстуу жарандары бар деп таанылган өлкө. Саясатчы бул кыргызстандыктар үчүн оңойго турбаган улуттук байлык экенин белгилеген.

«Кашык менен жыйнаганыбызды [абройубузду] чөмүч менен чачып, Кыргызстандын бул байлыгын региондогу жана дүйнөдөгү репутациябызды бузганыбыз жакшы эмес. Ойлоп көрсөм, Кыргызстандын негизги эки чоң байлыгы бар экен: биринчи — эгемени, экинчиси — Кыргызстандын Евразия континентиндеги географиялык орду. [...] Мына бүгүн биздин элибиз ушул улуттук байлыгыбызды, улуттук кызыкчылыгыбызды коргоп, анын тагдыры үчүн тынчсызданып жатышат. Бул биздин ар бирибизге Конституция берген укугубуз. Бул биздин укугубуз гана эмес, бул биздин милдетибиз. Бул укуктун аткарылышын мамлекет таанып, сыйлап гана эмес, ар бир адам үчүн камсыз кылып бериши керек. Мен коркутуп-үркүтүү, кармоо, камоо зордоо туура эмес жол деп эсептейм. Бул жакшылыкка алып барбайт, бул туңгуюукка алып барат. Муну биздин акыркы 30 жылдык тарыхыбыз көргөздү», — деген ал.

Жапырт камоолор

Кыргыз бийлиги 26 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармады. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып келген.

Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алган.

Ал эми президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.

Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт» деп айтып, «алар суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп эсептеген.

Тема боюнча:

Өмүрбек Текебаев: Активисттерди коркутуу жана кармоо жакшылыкка алып келбейт