Өмүрбек Текебаев: Активисттерди коркутуу жана кармоо жакшылыкка алып келбейт

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист жана саясатчылардын кармалышы боюнча үн катты.

Анын айтымында, Кыргызстан Европада эгемен эли, эркин, күжүрмөн жарандык коому, намыстуу жарандары бар деп таанылган өлкө. Саясатчы бул кыргызстандыктар үчүн оңойго турбаган улуттук байлык экенин белгиледи.

«Кашык менен жыйнаганыбызды [абройубузду] чөмүч менен чачып, Кыргызстандын бул байлыгын региондогу жана дүйнөдөгү репутациябызды бузганыбыз жакшы эмес. Ойлоп көрсөм, Кыргызстандын негизги эки чоң байлыгы бар экен: биринчи — эгемени, экинчиси — Кыргызстандын Евразия континентиндеги географиялык орду. [...] Мына бүгүн биздин элибиз ушул улуттук байлыгыбызды, улуттук кызыкчылыгыбызды коргоп, анын тагдыры үчүн тынчсызданып жатышат. Бул биздин ар бирибизге Конституция берген укугубуз. Бул биздин укугубуз гана эмес, бул биздин милдетибиз. Бул укуктун аткарылышын мамлекет таанып, сыйлап гана эмес, ар бир адам үчүн камсыз кылып бериши керек. Мен коркутуп-үркүтүү, кармоо, камоо зордоо туура эмес жол деп эсептейм. Бул жакшылыкка алып барбайт, бул туңгуюукка алып барат. Муну биздин акыркы 30 жылдык тарыхыбыз көргөздү», — деди ал.

Текебаев «эгер бирөөлөрдө тополоң салуу жолу менен, ок атуучу курал, жардырылуучу заттарды пайдалануу жолу менен башаламандык кылып, бийликти басып алабыз деген ниеттери болсо, алар мыйзам алдында жооп бериши керектигин» айтты.

«Мен ойлойм, бүгүн бийлик ойлонуп, кармалгандарды бүгүн-эртең үйлөрүнө коё берет. Ал эми козголгон иш андан ары дыкат, кылдаттык менен, объективдүү иликтене берсин. Сот адилеттүү чечим чыгарсын. Күнөлүүлөр жазасын алсын. Мына ошондо гана эл ынанат, мына ошондо гана эл тынчтанат», — деп сөзүн жыйынтыктады элчи.

Буга чейин ИИМ бир катар саясатчыларды жана активисттерди эки суткага убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Министрлик «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Бул иш боюнча 23-октябрда аталган иште фигурант делген активист жана айрым саясатчылардын үйүндө тинтиүү жүргүзүлгөн.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган», — деп билдиришкен министрликтен.

Кармалгандардын баары мурдараак Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, бийликти сындашкан. Андан тышкары, кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

Жарандык көзөмөл комитети бийликти Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы пикир айткан активисттерге карата репрессияны токтотууга чакырды.