Юристтер бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылышты

Юристтер менен укук коргоочулар президенттин администрациясы демилгелеген «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» мыйзамды артка чакыртып алууну суранып Садыр Жапаровго кайрылышты.

Алардын айтымында, «мыйзам долбоорунун басмырлоочу мүнөзүн, өлкөнүн Конституциясына жана эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин, ошондой эле, кабыл алынса коомчулукка терс таасири тийиши мүмкүндүгүн эске алып» ушундай сураныч менен кайрылышты.

«Мыйзам долбоору аймактагы “демократия аралчасы” деп аталган көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн мыйзам долбоору болуп саналат», — деп белгилешти алар.

Юристтер менен укук коргоочулар мыйзам долбоору Конституцияга, Жарандык кодекске, «Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамга, ошондой эле биригүү укугу боюнча эл аралык стандарттарга дал келбейт деп эсептешет.

Алар мыйзам долбоорунда көптөгөн кемчиликтер жана бузуулар бар экенин айтышты.

«Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» жол берилгис түшүнүктөр

Кайрылуу жазгандардын айтымында, мыйзам долбоорунда «коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» деген түшүнүк бар, ошол эле маалда «Конституцияда, Жарандык кодексте мындай аныктама көрсөтүлгөн эмес». Алардын айтымында, жарандык кодекс юридикалык жактын эки гана түрүн аныктайт: коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар.

«Мыйзам долбоору кабыл алынган күнү да “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” түшүнүгүн колдонууга жол берилбейт. Анткени “Укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, эгерде мыйзамдардын нормалары кодекстердин ченемдеринен айырмаланса, алар кодекстерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана колдонулушу мүмкүн», — деп айтылат кайрылууда.

Бейөкмөт уюм түзүүдөгү чектөөлөр

Юристтер менен укук коргоочулар мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюм түзүүдө төмөнкүдөй мыйзамсыз чектөөлөр бар деп эсептешет:

  • Чет өлкөлүктөргө тыюу салынган

Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөлүк же жарандыгы жок адам коммерциялык эмес уюмдун негиздөөчүсү боло албайт.

«Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт ар бир адамдын биригүү эркиндигинин укугун тааныйт, чет элдиктердин бейөкмөт уюмдарды түзүүгө тыюу салышы бул беренени бузат. “Бардыгы” деп биз кыргыздарды, чет өлкөлүктөрдү, жарандыгы жок адамдарды жана юридикалык жактарды түшүнөбүз. Ушундай эле аныктама Кыргызстандын Конституциясында да бар», — деп белгиленет кайрылууда.

  • Негиздөөчүлөрдүн эң аз саны

Мыйзам долбооруна ылайык, эгер негиздөөчү жеке тарап болсо, негиздөөчүлөрдүн саны 10 адамды түзөт. Юристтердин кайрылуусунда, мунун максатка ылайыктуулугу жана негиздүүлүгү жок деп айтылат.

«“Укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, ченем жаратуучулук иш-аракеттер принциптеринде, анын ичинде максатка ылайыктуу жана негиздүү болушу керек. Башкача айтканда, кандай гана чектөө болбосун ал негиздүү жана максатка ылайыктуу болушу керек», — деп белгилешти алар.

  • «Терроризмге каршы туруу жөнүндөгү» негизсиз норма

Мыйзам долбоорунда кыргызстандыктарды, коомдук жана диний уюмдарды “Экстремисттик иш-аракеттерге каршы тууруу жөнүндөгү” жана “Терроризмге каршы туруу жөнүндөгү” мыйзамдарга ылайык, жоопкерчиликке тартуу сыяктуу ченем камтылган.

«Мындай чектөөлөр негиздүү эмес, анткени бул мыйзамдары теориялык жактан бардык юридикалык жактар (анын ичинде коммерциялык уюмдар) тарабынан бузулушу мүмкүн, ал эми чектөөлөр коомдук жана диний уюмдарга гана тиешелүү. Чектөө ЕККУ жана Венеция комиссиясы иштеп чыккан биригүү эркиндигинин принцибине каршы келет», — дешет юристтер жана укук коргоочулар.

  • Аталышы

Мыйзам долбооруна ылайык, жарандардын адеп-ахлагына, улутуна жана диний сезимине шек келтирген аталыштагы бейөкмөт уюмдарды каттоодон баш тартууга болот.

«Бул жерде юридикалык түшүнүксүз жер бар: кемсинтүүнү ким аныктай? Канча жаран кемсинткен? Эки адамдын кемсинтүүсү жетиштүүбү?» — деп суроо салышты укук коргоочулар.

  • Кирешенин булактары

Мыйзам долбооруна ылайык, бейөкмөт уюмдардын айрым түрлөрү үчүн киреше булактарына чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Бирок кайрылууда БУУнун докладына ылайык, биригүүлөр ички, чет элдик жана эл аралык булактардан ресурстарды издөө, алуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү биригүү эркиндигине болгон, укуктун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат деп айтылат.

  • Көзөмөл

Мыйзам долбоору Прокуратура, Юстиция министрлиги жана Салык кызматына бөйөкмөт уюмдар өткөрүүчү иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Юристтер жана укук коргоочулар мыйзамга ылайык, мамлекет бирикмелердин ички иштерине аралашуудан карманууга жана алардын жеке жашоосуна болгон кол тийбестик укугун сыйлоого милдеттүү экенин белгилешет.

  • Каттоо

Кайрылууда мыйзам долбооруна ылайык, өкмөттүк эмес уюмдарды каттоонун мөөнөтү — 30 күн, ошол эле маалда коммерциялык уюмдарды үч жумушчу күндө катташаары айтылат.

  • Ликвидация

Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык, бейөкмөт уюмдарды Прокуратура органдары, Юстиция министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан сотко арыз жазуу менен мажбурлап жоюуга мүмкүн.

Арыз жазууга төмөнкүлөр себеп болушу мүмкүн — мыйзамды бузуу, уставдык максаттарды системалуу түрдөө бузуу жана Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралган көрсөтмөлөрдү эске албоо.

«Бул чектөөлөр пропорционалдуулук принцибин бузат, анткени мажбурлап жоюу мыйзамда каралган максатка пропорционалдуу болушу керек жана жумшак ыкмалар жетишсиз болгон учурда колдонулат. Отчёт жана маалымат бербөө жабылууга мажбурлабашы керек», — деп айтылат кайрылууда.

  • Ишмердүүлүктүн түрүнө чектөөлөр

Ошондой эле, мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдар укуктуу ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө чектөөлөр да каралган.

«Бул норма ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн чектөө менен бейөкмөт уюмдун укук жөндөмдүүлүгүн чектейт, ал мыйзамда белгиленген тартипте чектелиши мүмкүн. Мыйзамда бейөкмөт уюмдарга кандай учурда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экени көрсөтүлүшү керек. Антпесе биз юридикалык белгисиздикке туш болобуз», — деп эсептешет юристтер.

  • Куугунтук

Юристтер мыйзам долбооруна ылайык, жарандардын ден соолугуна, калктын адеп-ахлагына, укуктарына, мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарына доо кетирген бейөкмөт уюмду түзүү жана ишмердүүлүк кылуу үчүн куугунтуктоо каралганын белгилешти.

«Бул норма юридикалык жактан да так эмес, калктын адеп-ахлагына доо кетирүүгө баа берүүгө болбой тургандыктан адеп-ахлак маселеси укуктук эмес, моралдык нормаларга көбүрөөк тиешелүү. Калктын бир бөлүгү үчүн адеп-ахлактуу болгон нерсе башка бир бөлүгү үчүн адепсиз болушу мүмкүн», — деп белгилешти алар.

  • Кайра каттоо

Мыйзам долбоорунун дагы бир кемчилиги, 2023-жылдын 1-майына чейин каттоодон өткөн коммерциялык эмес уюмдар (Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 22 000 бейөкмөт уюм бар) 2023-жылдын 31-декабрына чейин кайра каттоодон өтүшү керек деген норма деп белгилешти юристтер.

Кайра каттоодон өтпөгөн учурда, 2024-жылдын 1-январынан тарта уюм ликвидацияланган деп эсептелет.

«БУУнун докладына ылайык, каттоо [ишмердүүлүк жүргүзүүгө] уруксат алуу үчүн сынак катары каралбашы керек. Уюм түзүп жатканда уруксат алуучу эмес, кулактандыруу иретиндеги билдирүү иштеши керек, ал эми кабыл алынган мыйзамдар буга чейин каттоодон өткөн уюмдарды кайра каттоону талап кылбашы керек», — деп эсептешет юристтер менен укук коргоочулар.

Кайрылууда мыйзамдын кабыл алынышы коррупцияга алып келиши мүмкүндүгү айтылат, анткени көзөмөл органдарынын кызматкерлеринде автоматтык түрдө ыйгарым укуктар жана коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлеринин байланыштары пайда болот.

Юристтер менен укук коргоочулар жарандык коом үчүн дагы да жагымдуу шарттарды өнүктүрүп, мамлекет менен коммерциялык эмес тармактын кызматташтыгын жакшыртуу керек деген пикирге макул. Алар бул үчүн президент менен жолугушууга даяр экенин белгилешти.

Тема боюнча окуңуз:

Өтө кооптуу. Юристтер бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамдын тобокелдиктери тууралуу

Укук коргоочулар бийликти бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөдү