Укук коргоочулар бийликти бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзамды чакыртып алууга үндөдү

«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар!» тилектештик тармагы бийликти президенттин администрациясы демилгелеген «Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун чакыртып алууга үндөдү.

Уюмдар президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге жана минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылышты.

«Кыргызстандын Конституциясына, эл аралык стандарттарга жана Кыргызстандын милдеттенмелерине, биримдиктердин эркиндигине каршы багытталган бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алууга чакырабыз. Ал жасалма бут тосууларды, көзөмөлдүн коррупциялык механизмдерин, жарандык уюмдарга карата бюрократияны түзүүгө багытталган. Биз мыйзамды артка чакыртып алуу ишенимди кайтарып, Кыргызстанда демократиялык башкаруу жана адам укуктарын биргеликте өнүктүрөбүз деп ишенебиз», — деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууда жаңы мыйзам долбоорунда Конституцияга каршы келген жоболор бар экени айтылат.

  • чет элдик бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинде катталышы керек;
  • экстремисттер жана террористтер боюнча тизмеге кирген чет элдиктер бейөкмөт уюмдун негиздөөчүсү, мүчөсү же катышуучусу боло албайт;
  • Юстиция министрлиги менен прокуратура бейөкмөт уюмдун ишмердигин көзөмөлдөй жана тескейт: алар канчалык деңгээлде уставка, негиздөө документтерине жана мыйзамдарга ылайык иш алып барып жатканын.

«Маалымкат-негиздемеде биригүү эркиндигине карата жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө себеп болуп көрсөтүлгөн негиздер Конституцияда каралган шарттарга туура келбейт. Демек, КЭУ жөнүндө мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр адам укуктарын коргоого эмес, жарандык коомду басууга багытталган. Сунушталып жаткан түзөтүүлөр эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына, ошондой эле конституциялык кепилдиктерге жана мыйзамдын базасына каршы келет», — деп белгилешти уюмдан.

Алар кризистик учурларда коммерциялык эмес уюмдар мамлекет менен тыгыз иштешип, элге жардам беришкенин эске салышты.

Бир күн мурун президенттин администрациясы «коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документ минкабдын сайтына жарыяланган.

Демилгечилер маалымкат-негиздемеде жаңы мыйзам долбоору «мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргоо үчүн бекем укуктук базаны түзүп [...] өлкөдө жарандык коомдун өнүгүшүнө жаңы сапат берет» деп жазышкан.

Демилгечилер мындан ары коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинде каттоодон өтүшү керек деп белгилешкен.

Мыйзамга ылайык, уюмдарды толугу менен Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги көзөмөлдөйт.