Кыргызстандык математик Алтай Бөрүбаев дүйнөлүк илимий ачылыш жасады

«Клооп» кыргыз академиги Алтай Бөрүбаев математикалык изилдөөсү үчүн эл аралык баага татыды деп туура эмес маалымат жарыялаганы үчүн кечирим сурайт.

Бөрүбаевдин жасаган эмгегине «илимий ачылыш» макамын берген уюмдар ишенимге ээ эмес, алардын мамлекеттик илимдер академияларына, ошондой эле Оксфорд сыяктуу атактуу университеттерге эч кандай тиешелери жок. Ошондой эле, аталган уюмдар коррупция жана жалган илимий ачылыштарды колдогону үчүн бир нече ирет иликтөөлөрдүн фигуранты болуп, ал эле эмес сынга да кабылышкан.

Академик Алтай Бөрүбаевдин «Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» аттуу математикалык изилдөөсү илимий ачылыш катары таанылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 10-ноябрда фейсбук барагына жарыялады.

Маалыматта, Бөрүбаев кесиптештери менен талкуудан кийин бул илимий ишин Илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын авторлорунун эл аралык академиясына жөнөткөнү белгиленген.

Андан соң, экспертиза топология илими өнүккөн Италия, Чехия жана Кытайда бир жыл бою уланып, жыйынтыгында илимий ачылыш катары тастыкталган.

Маалыматка ылайык, буга чейин академиктин эки ачылышы эл аралык деңгээлде таанылган. Алардын бири «Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө» изилдөө.

«2013-жылы экинчи ачылышымды жасадым. Ал компакттык типтүү кеңейтүүлөрдүн алгоритминин конструкциясын түзүү жөнүндө маселе. Бул маселе боюнча жаңы ыкма таап, ошол ыкманын негизинде компакт тибиндеги бардык кеңейтүүлөрдүн конструкциясын бергем. Муну Оксфорд университетинин окумуштуулары, математиктери баалап, “Илимдеги ысым” алтын медалын жана тиешелүү сертификатты тапшырган», — деген Бөрүбаев маалыматта.

Ошондой эле Москва мамлекеттик университетинин сунушу боюнча, Москва обсерваториясындагы жылдыздардын бирине «Алтай» ысымы берилгени белгиленген.

Министрлик, Алтай Бөрүбаев Оксфорд университетинин дүйнөлүк окумуштууларынын реестрине Борбор Азиядан биринчи болуп киргенин кошумчалады.