«Хизб ут-Тахрир» уюмунун «аялдар канатынын» жашыруун ишмердүүлүгү аныкталды

«Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылткан «аялдар канатынын» жашыруун ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 12-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын өкүлдөрү 14-октябрда жана 4-ноябрда беш кишинин жашаган жерин тинтүүгө алган. Жыйынтыгында шектүүлөрдүн экстремисттик уюмга тиешеси бар экенин тастыктаган далилдер табылган.

УКМКдан бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашыруун иш жүргүзгөн «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун төрт лидери жана сегиз мүчөсү кармалган.

УКМКдан шектүүлөр Кербен шаарындагы кезектеги чогулушка келгенде колго түшкөнүн белгилешкен. Тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, уюлдук телефондор, системалык блоктор, электрондук маалымат каражаттары жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар табылган.

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислам» (араб. «Ислам боштондук партиясы» — ред.) уюмунун максаты халифат түзүп, ислам шариятындагы «акыйкат жашоону» калыптандыруу. Аталган уюм 2003-жылы Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм катары табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Тема боюнча:

Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» террордук уюмунун 12 мүчөсү кармалды

УКМК: Өспүрүмдөргө «Хизб ут-Тахрирдин» идеологиясын үйрөткөн киши кармалды