Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» террордук уюмунун 12 мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашыруун иш жүргүзгөн «Хизб ут-Тахрир» террордук уюмунун 4 лидери жана 8 мүчөсү кармалганын маалымдады.

Шектүүлөр. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК шектүүлөр 1-майда Кербен шаарындагы кезектеги чогулушка келгенде колго түшүрүлгөнүн белгиледи. Тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, уюлдук телефондор, системалык блоктор, электрондук маалымат каражаттары жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар табылган.

«Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу жана конспирациялык негизде диний сабактарды өткөрүшкөн. Ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратышкан» — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Атайын кызмат «Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Жалал-Абад шаарында тергөө абагына киргизилгенин кошумчалады.

Учурада алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өткөн жылдын декабрь айында УКМК 10 жаштан 17 жашка чейинки жети балага «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеологиясын үйрөткөн кишини кармаган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, экстремисттик уюмдун 24 жаштагы М.А атуу мүчөсү өспүрүмдөргө араб тилинин грамматикасын үйрөтөм деген шылтоо менен мыйзамсыз билим берүү уюштурган.

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислам» (араб. «Ислам боштондук партиясы» — ред.) уюмунун максаты халифат түзүп, ислам шариятындагы «акыйкат жашоону» калыптандыруу. Аталган уюм 2003-жылы Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм катары табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.