УКМК: Өспүрүмдөргө «Хизб ут-Тахрирдин» идеологиясын үйрөткөн киши кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 6-декабрда 10 жаштан 17 жашка чейинки жети балага «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун идеологиясын үйрөткөн кишини кармады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, экстремисттик уюмдун 24 жаштагы М.А атуу мүчөсү өспүрүмдөгө араб тилинин грамматикасын үйрөтөм деген шылтоо менен мыйзамсыз билим берүү уюштурган.

УКМКдан өспүрүмдөр республиканын ар кайсы аймагынан келгенин жана алардын көбү мигранттардын балдары экени белгилешти.

«“Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун идеологиясын окутуу мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу менен жүргүзүлгөн. Экстремисттик уюмдун онго чукул электрондук китеби өспүрүмдөрдүн уюлдук телефонуна таркатылган», — деп жазылат билдирүүдө.

Иликтөө иштеринен соң өспүрүмдөр тиешелүү органдардын катышуусу менен туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал эми шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Андан тышкары, атайын кызмат «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүздү.

«Хизб ут-Тахрир» диний эскремисттик уюмдун иерархиясы боюнча «масула» болуп эсептелген активдүү кызматкердин (М.А.нын) жашаган жеринен уюмдун диний адабияттары, конспекттер, электрондук китептер жана 9 уюлдук телефон табылган.

Тинтүү учурунда табылган материалдар. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Уюмдун 27 жаштагы Т.у.Б аттуу дагы бир мүчөсүнүн жашаган жана иштеген жеринен бир ноутбук, төрт флешка, теократиялык мамлекеттин («Халифат») Конституциясынын долбоору жазылган экстемисттик уюмдун бир брошюрасы жана бир күндөлүк табылган.

Буга чейин, 7-октябрда УКМК Кызыл-Кыя шаарында «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун алты мүчөсүн кармаган. Алар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды өткөрүп, ай сайын жыйындарды уюштуруп жүргөнү аныкталган.

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислам» (араб. «Ислам боштондук партиясы» — ред.) уюмунун максаты халифат түзүп, ислам шариятындагы «акыйкат жашоону» калыптандыруу. Аталган уюм 2003-жылы Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм катары табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.