Путин чет элдиктерге орус армиясында кызмат өтөөгө жол берген жарлыкка кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин жарлыкка кол койду, ага ылайык чет элдиктер орусиялыктардай эле армияда келишимдик негизде кызмат өтөөгө жазыла алат. Бул тууралуу РБК билдирди.

Ошондой эле, Путиндин жарлыгына ылайык, милдеттүү аскердик кызматка кош жарандыгы бар орусиялыктар дагы чакырылат — мурда чакыруу Орусиянын жарандарына эле жиберилчү. Бул түзөтүү орус жарандыгын алган бардык кыргызстандыктарга жана башка чет элдиктерге тиешелүү болот.

Тергөөдөгү, айыптоо өкүмүн уккан же соттуулугу жоюла элек адамдар менен келишим түзүүгө болбойт деген пункттар өзгөртүүсүз калды. Ошондой эле баңгизат колдонгону үчүн административдик жазасын алып жаткан чет элдиктер менен жаза өтөө мөөнөтү аяктамайын келишим түзүүгө болбойт.

Орусия ИИМнин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алты айында 10,6 миң кыргызстандык, ал эми 2021-жылдын ушул эле мезгилинде 8,4 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Юрист Бексултан Осмонов орус жарандыгын алып, бирок фронтко барууну каалабаган кыргызстандыктар тезирээк Кыргызстанга кайтышы керектигин айткан. Анткени Орусияда аскерий аракеттерден качкандарга кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Мындай учурда Кыргызстан өз жарандарынын кызыкчылыгын коргошу керек жана Орусиянын укук коргоо органдарынын сурамы боюнча аларды бербеши керек. Бирок андай болсо кыргызстандыктар орус жарандыгынан ажыратылат.

Эгер кыргызстандыктар Украинадагы согушка барууну чече турган болсо, анда алар, Кыргызстандык мыйзамдарына ылайык, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууга катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, өз мекенинин жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн.

Орусиядагы жарым-жартылай мобилизация

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда өлкөдө өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялаган. Ал аскердик кызматка запаста турган, куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн орусиялыктар гана чакырыларын билдирген, бирок ошол убакта эле аскерге Орусияда жашап жаткан кыргызстандыктар дагы чакыртылып жатканы тууралуу маалыматтар айтылган.