Укук коргоочу: Орусияда мигранттарды алдап аскердик келишимге кол койдуртуп жатышат

Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарын Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда аскердик кызмат өтөө тууралуу келишимге алдап кол койдуртуп жатышат деп билдирди укук коргоочу Валентина Чупик. Бул тууралуу ал орусиялык «Дождь» телеканалынын эфиринде айтты.

«[Мигранттарга] 30 барактан турган таңгак документтерди беришип, ортосуна контракт [аскердик кызмат өтөө] тууралуу бир барак келишимди салып коюп жатышат. Мигранттарды алдап коюп жатышат, басым кылып жатышат, алар башка документтер кошо жеке маалыматтарын иштетүүгө макул болууга, ыктыярдуу медициналык камсыздоо полисине жана өз эрки менен аскердик кызмат өтөө келишимине кол коюп салып жатышат. Орус тилин билгендер деле ушундай кылып салып жатышат», — дейт Чупик.

Ошондой эле ал орус бийлигинин аскердик кызмат өтөө үчүн мигранттарга жарандык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет деген убадасын «чоң алдамчылык» деп атады.

«Чындыгында орус армиясына жазылгандар жарандык алышпайт, анткени бул [аны алууга] негиз болуп эсептелбейт. Бул жарандык алууга келип түшкөн арыздарды кароонун гана процессин тездетет, эгер анда башка негиздер бар болгон болсо. Демек, мигранттар аскердик кызмат өтөсө орус жарандыгын алат деп алдап жатышат», — деп билдирди укук коргоочу.

Анын айтымында, мигранттарды «келесоо ойлобоо» керек, себеби алардын көбү орус армиясына баруудан баш тартып жатышат.

20-сентябрда Москванын мэри Сергей Собянин «Сахарово» миграциялык борборунда «чет элдик жарандарды аскердик кызмат өтөөгө кабыл алууга көмөк көрсөтө турган Орусиянын Коргоо министрлигинин толук кандуу инфраструктурасы» ачылганын кабарлаган.

Бул Мамдума бир жыл келишимдик негизде орус армиясынын катарында кызмат өтөгөн чет элдиктерди орус жарандыгына кабыл алуунун тартиби жөнөкөйлөтүлгөнү тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин болгон. Мында, аталган мыйзам боюнча, жашап турууга уруксат документи талап кылынбайт.

Орусия Украинага 24-февралда толук машстаптуу кол калган. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, андан бери федералдык армия 6000 адамга жетпеген жоготууга учураган. Украинанын Коргоо министрлиги бул сан 10 эсе көп экенин билдирүүдө. Бирок, «Медиазона» басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери 25-сентябрда каза болгондордун саны эң аз дегенде 6 756 киши экенин аныкташкан. Алардын көпчүлүгү — Дагестан, Бурятия жана Краснодардан баргандар.

21-сентябрда Орусияда Украина менен согушуп жаткан бөлүктөрдүн өздүк курамын толуктоо үчүн «жарым-жартылай мобилизация» жарыяланган. Бийлик жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирүүдө. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөйт. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке кагып келет.

Учурда орус армиясынын катарында согушуп, Украинада каза тапкан бери эле дегенде 10 кыргызстандык тууралуу маалымат белгилүү.