Чек ара кызматкери Феликс Уланбеков самбо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкери Феликс Уланбеков самбо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу 16-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык самбо федерациясынын маалыматына ылайык, Бишкекте өткөн чемпилонатта балбан Уланбеков самбо боюнча 71 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар жалпы беш медаль утушту — Дайырбек Карыяев жана Бекболот Токтогонов алтын, Феликс Уланбеков күмүш, Жамалбек Асылбек уулу менен Саяк Бараканов коло медалга ээ болушту.

Чемпионат 11-ноябрда башталып, 14-ноябрда аяктады. Бишкекте Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Тема боюнча:

Кыргызстандык балбандар самбо боюнча дүйнө чемпионатында төрт медаль утушту

Кыргызстандык Дайырбек Карыяев самбо боюнча дүйнө чемпиону болду