Кыргызстандык Дайырбек Карыяев самбо боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев самбо боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу эл аралык самбо федерациясынан маалымдашты.

Карыяев 79 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Ал финалдык беттеште Казакстандык спортчу Асылбек Смайловду жеңип алды.

2021-жылы Карыяев Ливанда Азия чемпиону болгон.

13-14-ноябрда Бишкекте биринчи жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.