Кыргызстандык балбандар самбо боюнча дүйнө чемпионатында төрт медаль утушту

13-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар төрт медаль утушту. Бул тууралуу эл аралык самбо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балбан Бекболот Токтогонов күжүрмөн самбо боюнча 98 килограммдык жогорку салмакта күч сынашып, алтын байгени багындырды.

Самбонун ушул эле түрү боюнча балбан Феликс Уланбеков 71 килограммга чейинки салмакта күмүш медаль тагынды. Ал эми Жамалбек Асылбек уулу менен Саяк Бараканов коло медалга ээ болушту.

Буга чейин, 12-ноябрда Дайырбек Карыяев алтын медаль багындырып, дүйнө чемпиону болгон.

Чемпионат 11-ноябрда башталган, 13-ноябрда аяктайт. Бишкекте Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.