«Кворум жок». Мадумаров Кемпир-Абад боюнча комитет жыйынында мыйзам бузулганын айтты

16-ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 15-ноябрдагы жыйынында мыйзам бузулганын айтты. Анда депутаттар Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун мыйзам долбоорун үч окууда жактырышкан болчу.

Мадумаров комитет жыйынында Жогорку Кеңештин регламентинин талаптары жана беренелери бузулганын билдирди.

«Биздин регламенттин беренесине, талабына карабай, жети киши отурса, жанагы конституцияны чечмелеген азамат жигит [юрист] чыкты да “жети киши отурат, кворум бар, чечим кабыл алына берет” деп, колдоруна карматып берди. Эгер өзүбүз ушундай конституциялык мыйзамды бузуп жаткандан кийин [мыйзамды сакта деп] кимден талап кылабыз? [...]Талап кылууга кандай укугубуз бар? Бул жерде “көпчүлүгү” деп так жазылып турат. 14 кишинин көпчүлүгү сегиз, жетиси — жарымы болот», — деди ал.

Мадумаров Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, комитет жыйынына өз баасын берүүнү өтүндү.

15-ноябрдагы комитет жыйынында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди» жана «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча макулдашууну» ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралган.

Добуш берүүгө жалпы 14 кишиден 7 депутат гана катышкан. Эки депутат жыйынга келген эмес, ал эми беш эл өкүлү — Адахан Мадумаров, Чыңгиз Айдарбеков Нуржигит Кадырбеков, Эрулан Көкүлов, Нилуфар Алимжанова — келишимди ратификациялоого каршы болуп, отурумдан чыгып кеткен.

Парламенттин учурдагы регламентинин 27-беренесине ылайык, комитеттин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү болот. Башкача айтканда, кворум болуш үчүн жыйынга жок эле дегенде 8 депутат катышышы керек болчу.

Чуу жараткан келишим

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — бул чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияны жетектеген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси.

Кыргыз коомчулугу Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилиши мүмкүн деген жашыруун келишимдин айланасында уу-дуу болуп атат.

Парламентте бул документ боюнча талкуулардын баары чуу менен коштолуп келет — мурдараак депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан бошотушкан. Ал суу сактагычтын астындагы жерди Өзбекстанга берүүнү шарттаган макулдашууга каршы чыккан.

Жалпысынан талкууланып жаткан документтерге байланыштуу митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик 26 кишини «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

Кыргызстандын президенти менен өкмөтү кол коюуга шашылып жаткан мамлекеттик чек арага байланышкан Өзбекстан менен макулдашуунун долбоору бүгүнкү күнгө чейин ачыкка чыга элек.

Бирок Өзбекстанга башка райондордогу жерлердин ордуна Кемпир-Абаддын чөйчөгү өтүп жатканы жана суу сактагычтын айланасындагы жаңы чек ара «900-горизонталдык контур» боюнча өтө турганы белгилүү. Бул — топографиялык картада жерликтин рельефин деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте курчап турган изолиния.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 900 деген белги — Кыргызстан үчүн утуш деп ишендирип жатат.

Бирок 900-горизонталь боюнча кыргыз-өзбек чек арасы так кайсыл аймактардан өтөөрү белгисиз. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер чек ара 900-горизонталь боюнча өтсө, «сууну жана суу сактагычтын тегерегиндеги жерлерди колдоно албай калабыз» деп кооптонушууда.

Тема боюнча:

Жаңы чек ара кайдан өтөт? Кемпир-Абадды кыдырып, кол жууп кала турган жерлерди картага түшүрдүк