Прокуратуранын НПОну көзөмөлдөгүдөй ыйгарым укугу жок — Башкы прокуратуранын өкүлү

«Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун прокуратура органдары НПОну көзөмөлдөй алат деген ченеми өлкөнүн Конституциялык мыйзамына каршы келет. Бул тууралуу 15-ноябрда Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Арсланбек Мурзаев коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

«Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамдын долбоорунда прокуратура органдары көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыра алат деп айтылган бөлүгүнө көңүл бургум келет. Прокуратуранын бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгүдөй ыйгарым укуктары жок», — деди ал.

Мурзаев Конституция боюнча прокуратура мамлекеттик бюджеттен каржыланган же мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик, жергиликтүү органдарды, уюмдарды жана юридикалык жактарды гана көзөмөлдөй аларын кошумчалады.Ал мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда прокуратура өз сунуштарын берерин белгиледи.

Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоору

Бийлик, эксперттердин пикиринде, мамлекеттин колунда көзкарандысыз ЖМКга каршы курал болуп бере турган мыйзам долбоорлорун демилгелегенди улантып жатат. Эксперттер президенттин администрациясы демилгелеген «Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорунан кооптонуп жатышат.

Документке ылайык, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинде милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек, ал эми уюмдардын ишмердүүлүгү толугу менен Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Бийликтин пикиринде, жаңы мыйзам долбоору «мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргоо үчүн бекем укуктук базаны түзүп [...] өлкөдө жарандык коомдун өнүгүшүнө жаңы сапат берет».

Бирок юристтер бул мыйзам долбоорун өтө кооптуу, жарандык коомдун оозун басууга, андан тышкары, бейөкмөт уюмдар менен күрөшүүгө багытталган деп эсептешет. Алар документ Конституцияга, эл аралык стандарттарга жана Кыргызстандын милдеттенмелерине каршы келет деп белгилешет.

«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы жана «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар!» тилектештик тармагы бийликке кайрылып, «Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун чакыртып алууга үндөштү.

2022-жылдын май айында маалымат эркиндигин коргогон «Чек арасыз репортёрлор» («Репортеры без границ») уюму «басма сөз эркиндиги» боюнча дүйнөлүк ар жылдык рейтингин жарыялаган. Кыргызстан ал рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 72 орунду ээлеген. Баяндамада өлкө 2021-жылы 79-орунда болгону жазылган. Ошол эле учурда, уюмдан [рейтингди түзүүдө] ыкмалар өзгөргөнүн жана «2021-жыл менен 2022-жылдагы позицияларды салыштырууда кылдат болуу керектигин» белгилешкен.